Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

НТС телеканалы Бишкек шаарынан башка аймактарга көрсөтпөй калды


Аталган телеканалдын жетекчиси Оксана Малеванная вице-премьер Адахан Мадумаровдун демилгеси менен жасалган саясий кысымдын натыйжасында канал аймактык жыштыктардан чыгарылды деп билдирди. Өз кезегинде Адахан Мадумаровдун маалымат катчысы Айгүл Кубатова мындай дооматты төгүндөп, бул иш былтыр декабрда президенттин жардыгы менен түзүлгөн ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсүн жыштык менен камсыздоо максатында жасалганын билдирди. Көз карандысыз журналисттер болсо муну мурдагы бийликтин тушундагыдай эркин маалымат каражаттарына бут тосуу аракети катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG