Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

ГЕНЕРАЛ ИВАН ПАНФИЛОВДУН БАЙГЕСИНЕ


Кабыл Макеш, Бишкек. Ар жыл сайын 8-майда Жеңиш майрамына карата генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган грек- рим күрөшүнөн эл аралык мелдеш өткөрүү салтка айланган. Быйыл бул турнир кырк алтынчы ирет өткөрүлүп жатат.

Кыргызстанда 9-май Жеңиш майрамына карата ар жыл сайын спорттук мелдештер өткөрүлүп келет. Советтер Союзунун баатыры, генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган грек- рим күрөшүнөн мелдеши балбандардын чоң спортко жолун ачып,такшалуунун мектеби катары таанылган.
Совет курманда бул турнирдин деңгээли жогору болуп, 30- 40 шаардан балбандар келчү.

Кыргызстанды дүйнөлүк аренага тааныткан балбандар Алмаз Касенов, Раатбек Санатбаев, Руслан Гебеков, Уран Калилов, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев жана башкалардын чоң спорттогу ийгиликтерине ушул турнир көрөңгө болгон.

8-майда, бүгүн башталып жаткан генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган мелдеш тууралуу өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов буларды айтып берди.

- Мурда союздук деңгээлде өткөрүлүп келген бул мелдеш эгемендүүлуктүн алгачкы жылдарында солгундай түшкөн. 2-3 жылдан бери кайрадан эл аралык деңгээлге көтөрүлүп, таасири артып баратат. Биз быйыл өлкөнүн тандалган балбандарын бул турнирге катыштырган жокпуз. Алардын катарындагы балбандардан Азат Эркинбаев менен оор салмактагы Нурбек Ибраимов бул мелдешке катышып, өлкөнүн намысын коргойт. Мыкты балбандардын соңунда өсүп келеткан жаштарды сындан өткөрүп алууну максат кылдык. Ошондуктан быйылкы Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган турнирде Кыргызстандын намысын негизинен жаш балбандар коргойт. Ал эми Казакстан жана Тажикстандан дагы мыкты балбандар мөрөй талашуу үчүн келишти. Кимдер байгелүү орундарга илинет, аны алдыдагы таймашуулар аныктайт.

Генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган мелдешке казакстандык балбандарды баштап келген машыктыруучу Серик Калдыкулов мындай деди:

- Бул турнирге биз Тараз шаарынан балбандарды сындан өткөрүү үчүн алып келдик. Алардын катарында жаштар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Марат Гарипов, Асылжан Байзаков, Жаншерик Атыкулов жана башка балбандарды алып келдик. Арасында чоң спорттогу жолун ачууга бел байлаган жаш балбандар да бар.

8-май күнү Бишкектеги футбол боюнча өспүрүмдөр арасында “Келечек” кубогунун таймашуулары улантылат. Бул мөрөй талашууга Кыргызстандын облустарынан жана Казакстандын командалары катышууда. Бүгүн 8- майда дзю-до жана жеңил атлетика мелдештери да өткөрүлөт.

Ал эми 9-май майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер ɵткɵрүү да салтка айланган. Быйылкы кыз куумай,оодарыш, кунан чабыш, аламан байге, жорго салдыруу жана кɵкбɵрʏ оюндарын чет элдик меймандар, жүздөгөн жергиликтүү күйɵрмандар 9- майда “Аккула” атмайданынан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Ошондой эле 9-майда Бишкектеги “Спартак” стадионунда Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган эл аралык лейлек күрөшү да өткөрүлөт.
XS
SM
MD
LG