Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Сот мурдагы ички иштер министрин суракка чакырууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаар соту Рысбек Акматбаевге байланышкан ишти кароону улантты. Соттук угууда жабырлануучу тараптын өкүлү Аскер Алиев биринчи баскычтагы сот ишинде айрым күбөлөр суралбаганын айтып, сотко ишти кайра кароо жана материалдарды кылдат изилдеп чыгуу, мындан сырткары мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбековду да суракка чакыруу өтүнүчүн жолдоду. Сот мындай өтүнүчтү кабыл алып, шаар прокуратурасын мурдагы ички иштер министрин сотко катышуусун камсыз кылууга милдеттендирди. Рысбек Акматбаев баштаган топ милиция полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө шектүү деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG