Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Бүгүн Нью-Йорк, Киев, Брюссель, Бишкек жана башка жерлерде Анжиян окуяларынын бир жылдыгына карата митингдер өтөт


Бүгүн Нью-Йоркто, Брюссельде, Киевде жана башка жерлерде 2005-жылдын май айындагы Анжиян окуяларында курман болгондорду эскерүү митингдери өтөт. Кандуу окуяга күбө болгондор жана укук коргоочулар аскерлердин огунан бери эле дегенде миңден ашуун киши мерт болгонун ырасташат. Өкмөттүн маалыматтарына ылайык, кагылышта 187 киши өлгөн жана алардын баары террорист болгон. Президент Каримов Анжиян окуясын куралдуу козголоң деп атаса, өз көзү менен көргөндөр аны бийликтин кыянат-кыргыны катары сыпатташты.

XS
SM
MD
LG