Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

АДАМ УКУГУН КОРГООЧУ МАСКӨӨЛҮК ХЕЛЬСИНКИ ТОБУНА 30 ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Москвалык Хельсинки тобунун уюшулганына 30 жыл толду. Орусиядагы адам укугун коргоочу эң ири уюмду 1976-жылы кесиби боюнча физик Юрий Орлов демилге көтөрүп түзгөн. Советтик бийлик кысымы күч болгонго байланыштуу ал 1982-жылы өзүн өзү таркатууга мажбур болгон. Арадан 7 жыл өткөндөн соң Хельсинки тобу ишкердиги кайра башталган. Азыркы туштагы анын бирден бир маселеси - Орусияда демократиялык реформанын илгерилеши экенин айтышат.

Орусияда адам укугун коргоочу Маскөөлүк Хельсинки тобу аталышта уюм азыр ким кимге аттын кашкасындай маалым. 1975-жылы Хельсинкиде коопсуздук жана кызматташуу маселелери боюнча эл аралык кеңешме өтүптүр. Ошондо Советтер Союзунун жетекчилиги адам укугун коргоо багытында эл аралык үлгүдөгү эрежени карманууга макул болуп, ал тууралуу милдеттенме алыптыр.

Кийинки жылы 12-май күнү адам укугун коргоочу Юрий Орлов демилгеси менен «Маскөөлүк Хельсинки тобу» уюшулуптур. Ал уюм максаты - советтик бийлик алган милдетин кантип аткарып атат ошону гана көзөмөлдөө болгон экен.

Азыр Маскөөлүк Хельсинки тобу толук кандуу адам укугун коргоо уюму. Ал эл аралык адам укугун коргоочу Хельсинки федерациясына мүчө. Ал федерациянын азыр 42 өлкөдө тектеш уюмдары бар. Алардын бири – Кыргызстанда.

Маскөөлүк Хельсинки топтун жетекчиси Людмила Алексеева айтканга караганда «Маскөөдө адам укугун коргоочу уюм пайда болгондон кийин гана анын үлгүсүндө кийин андай кыймылдар мурунку советтик республикаларда пайда болгон».

Бул уюмдун жеринен бийликке оппозицияда келе жатышы кыйла кыйналыш кысталыштарды жаратканын анализчилер айтышууда. Орусия демократиялык жолго түшөт деген менен мамалекет бийлигине келгендер маанайына жараша анын улам бузулуп атканын айтышат. Азыркы тушта Маскөөлүк Хельсинки тобунун ишкердүүлүгү анча натыйжалуу болбой атышын анын төрайымы Людмила Алексеева айтат:

«Биз он иштин, болжол менен алганда, үчөөн утабыз. Бул абдан аз пайдалуу аракеттик коэффицент. Биз адамдарды алардын укуктары чынында эле тебеленип атса гана коргоого алабыз. Албетте, биз он жолу тең утушубуз керек болчу. Бирок баары акырындап ишке ашат. Советтик кезге салыштырганда бул чоң жетишкендик», - дейт Алексеева айым.

Горбачев, Ельцинден кийин бийликке келген Путиндин кезинде адам укугун коргоо кайра да кысым жей баштаганын анализчилер айтшууда. Былтыркы жылдан тартып өкүмөттүк эмес уюмдарга чабуул жасоо мунун күбөсү дешет. Орусиялык лидер быйыл жылдын башында журналисттер алдында өкүмөткө баш ийбеген уюмдар чет элдик уюмдар тапшырмасын аткаруучу аспапка айлапып кеткен деген ой айткан:

«Өкүмөттүк эмес уюмдар бир мамлекеттин жериндеги башка мамлекеттин тышкы саясатынын аспабы катары пайдаланылбашы керек», - деген Владимир Путин.

Анын артынан Маскөөлүк Хельсинки тобу баш болгон кыйла адам укугун коргоочу өкүмөтүк эмес уюмдарды кодулоо болгон жана анын акыры дагы эле созулууда.

XS
SM
MD
LG