Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

АНЖИЯН КЫРГЫНЫНА БИР ЖЫЛ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан бир жыл мурда, 2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарында көптөгөн адам кырылды. Ал күнү шаарда эмне болгону эмгиче так белгисиз. Өкмөттүн айтымында, террорчулар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген, укук коргоочулардын айтымында болсо, борбордук аянтка чогулган карапайым элге өкмөттүк күчтөр өздөрү ок аткан.

Өкмөттүн айтымында, Анжиянда бардыгы болуп 187 адам курман болгон, алардын көпчүлүгү террорчулар жана коопсуздук кызматынын адамдары болчу. Укук коргоочулардын айтымында, түнүчүн чындап эле шаар борборунда кагылышуу болгон, бирок андан тышкары шаарга президент Ислам Каримов келет экен деген маалыматтар да тараган. Түнүчүн эмне болгонун жана президентти көрүш үчүн эл борбордук аянтка чогулганда болсо, кыргын башталган жана чогулган элге каршы окту өкмөттүк күчтөр ачкан.

Азыр Америкада жашаган өзбек журналисти Галима Бухарбаева да ошол күнү эл менен кошо аянтка барган жана баарын өз көзү менен көргөн. АКШ Конгрессинде былтыр болгон атайын угуу учурунда Бухарбаева өзүнүн ок менен тешилген сумкасын көрсөткөн. Анын айтымында, борбордук аянттан кеткен көчөнүн баары жабылган, ошондуктан кырылып жаткан эл октон качып кутула алган эмес.

Өкмөттүн айтымында болсо көчөлөрдүн баарын террорчулар тоскон. Түнүчүн алар акимчиликтин имаратын басып алганда, шаардагы туугандарына жана тааныштарына телефон чалып, аларды аянтка келүүгө чакырган. Орусиялык "ТВ-Центр" сыналгысы атайын даректүү тасма да тартты жана ал үстүбүздөгү жылдын 11-январында көрсөтүлдү.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар 12-майдан он үчүнө караган түнү Анжиян шаарындагы милиция түйүнүн басып алып, көптөгөн куралга ээ болгон жана андан соң шаардык түрмөнүн дарбазасын жүк ташуучу машине менен сүздүрүп кирип, анда отургандарды бошоткон.

Ошол эле мезгилде башка бир куралдуу топтор шаардагы областтык ички иштер башкармалыгы, облус акимчилиги жана эки аскерий бөлүккө да кол салган. Милиция түйүнүндө төрт адам, аскерий бөлүктө беш жана абакта дагы алты кызматкер өлтүрүлгөн. Андан тышкары шаардын борборундагы театр имаратына өрт коюлган, ал эми колго түшкөн шаар прокурорун алар ажатканада асып өлтүрүшкөн. Эртең менен шаар борборуна эл чогулгандан кийин болсо террорчулар элге аралашып, карапайым адамдарга жамынып качкан.

Укук коргоочулардын айтымында, шаардык аянтка чогулган эл бийликке каршы ураандарды да кыйкырган, анткени дал ошол мезгилде 23 ишкер адам үстүнөн сот жүрүп жаткан, бүтүм 11-май күнү жарыяланат делген, бирок кийинкиге калтырылган, 12-май күнү болсо - соттолгондордун туугандары камакка алыныптыр деген маалымат тараган.

Соттолгондордун баары Акрам Юлдашев деген адам түзгөн "Акрамия" уюмунун мүчөлөрү болчу жана алар жергиликтүү калкка көп жардам көрсөтүп келген. Юлдашев өзү 1999-жылдан бери абакта отурган, ишкерлерге каршы сот февралда башталгандан тартып алардын туугандарды Анжиянда каршылык пикеттерин өткөрүп келген. Он үчүнө караган түнү абак басылып алынганда ошол ишкерлер да бошотулган.

Батыш жана эл аралык уюмдар окуяны тыкан иликтеп чыгууну талап кылган, өзбек президенти ага макулдугун берген жок жана дүйнөлүк коомчулук андан ашык азыр дээрлик эч нерсе жасай албай жатат. Бухарбаева аны минтип түшүндүрөт: "Тилекке каршы, маселе - Батыштын өзбек мунайы менен газына кызыкканына такалат. Мисал үчүн, немистер Өзбекстанга каршы эч нерсе жасай албайт, анткени аларга Термездеги аскерий база керек. Бул кызыкчылыктын баары - алардын адам укуктары жана демократия тууралуу сөздөрүнө каршы келет. Бүгүн биз - газ менен мунайдын баасы курман болгон жүздөгөн, же мүмкүн миңдеген адамдын өмүрүнөн артык экенине күбө болуудабыз", - дейт Галима Бухаобаева.

XS
SM
MD
LG