Өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап эл арасында Рысбек Акматбаев жөнүндө ар кандай уламыштар айтыла баштаган. Айрымдары аны элдик баатырга айландыршса, кээ бирлери ашынган кылмышкер катары баалашчу. Аны билгендер кылмыш чөйрөсүндөгү бирден бир татыктуу лидер эле дешет. Мурдагы бийлик тарабынан кылмышка шектелип укук коргоо органдары тарабынан куугунтукта жүргөн Рысбек Акматбаев өткөн жылы экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров тарабынан мурдагы издөөдө жүргөндөргө баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу кепилдик бергенде Рысбек ачыкка чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, укук коргоо кызматерлери аны жоготуу максатында жалган жалааларды жабыштырып жатканын айтып чыккан. Акматбаев баш болгон сегиз жигитке милициянын полковниги Чыныбек Алиевди жана дагы эки адамды өлтүрүп, бирөөнүн өмүрүнө кол салган деген шек менен кылмыш иши козголуп, ал иш Биринчи май райондук сотунда каралган. Сот 24-январда далилдер жетишсиз деп, аларды актаган. Жабырлануучу тарап Бишкек шаардык сотуна кайрылып, Акматбаевдердин иши шаардык сотто карала баштаган. Балыкчы шайлоо округу боюнча апрелдеги Жогорку Кеңешке шайлоодо Рысбек да талапкерлигин коюп, бирок анын ишине шаардык сот чечим чыгарбагандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоодон четтетилген. БШКнын мындай чечимине нааразы болушкан анын шайлоочулары Балыкчыдан Бишкекке келишип 31-мартта өкмөт үйүнүн жанында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Президенттин администрация башчысынын орун басары Азим Исабеков митингке келгендердин талабын угуу үчүн келгенде Рысбек Акматбаев премьер-министр Феликс Куловду кызматтан кетирүү талабын койгон.
Бир айдын ичинде Куловду кызматтан кетиребиз деп сентябрда эле айткансыңар. Кана кеткендиги. Кетмек түгүл менин досторумду бирден четинен өлтүрүп атат. Же эмне кылалы? Биз дагы Куловду азыр кирип өлтүрөлүбү? Биз ага даяр болуп келдик,-деген эле маркум Рысбек Акматбаев.
Ал президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыковдун ак үйдүн ичине кирип биринчи кабаттагы жыйындар залында сүйлөшөлүк, деген сунушун четке каккан.
Кулов кызматтан кетмейинче мен эч кандай макулдашууга келбейм. Кулов жарым сааттын ичинде кызматтан кетсин, деген Рысбекти анын шайлоочулары колдоп “Кулов кетсин”,-дешип кыйкыра баштаган. Айгай салышкан көпчүлүктүн алдына президент Курманбек Бакиев өзү чыгып, “Талаш маселени сот чечет”, деп нааразы болгон элди жооткотуп, тараткан.
Коомчулукта Рысбек Акматбаевдин өлүмү саясий өңүттө болду дешкендер да бар. Кээ бирөө анын кийинки мезгилде массалык маалымат каражаттары аркылуу берген интервьюларында бийлик башындагы айрым адамдардын дарегине опузалап айткан дооматтары, Рысбекти саясий секиден жок кылууга себеп болушу мүмкүн, деген пикирлерин билдиришүүдө. Алардын бири Кыргызстан патриоттук партиясынын лидери Назарбек Нышанов:
Эгер Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңешке келсе курч саясий талаптарды коет деп айрым депутаттар чочулашкан. Экинчиден Акаевдик, мурдагы парламенттик адамдарга оорчулук келерин сезишип анын парламентке келишине каршы болуп атышты. Аны канчалык криминал дегенибиз менен баш мыйзамга ылайык Кыргызстандын ар бир жараны катары шайлоого жана шайланууга укуктуу. Аны эл шайладыбы? Ал добуштарды сатып алган жокбу? Демек ал мандатын алышы керек болчу. Акматбаевге жеке эле укук коргоо органдары тарабынан эмес, мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бут тосуулар көп болгондуктан анын өлүмүнө дуушар болушту. Ошондуктан анын өлүмүн биз саясий мүнөздө болду, деп эсептейбиз. Анын өлүмү бийликте турган адамдардын баарына, анын өлүмүн каалагандарга, анын жолун тоскондордун бетине чиркөө, деп эсептейбиз. Бул кандуу окуя ошолордун абийиринде калды,-деди Назарбек Нышанов. Анын мындай пикирине президенттин адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун караманча каршы. Анын айтымында, бул кайгылуу окуяны саясатка аралаштыруунун кажети жок.
Ар бир ата-энеге балдары кандай чөйрөдө жүрсө дагы баалуу. Рысбектин ата-энесине кыйын болду. Аларга мен көңүл айтам. Эми ар бир нерсе өзүнүн жолу менен жүрүшү керек. Кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөр ошол чөйрөдө жүрүшү керек. Саясат жолунда жүрсөң саясаттын талаасында жүрүшүң керек. Кылмыш дүйнөсүндөгү адам саясатка аралашып, криминал саясатка кирип алганда анын аягы жакшы болбойт. Мен Рысбек раматылык менен бет келишип сүйлөшкөн эмесмин. Бирок пресса аркылуу мен бул жөнүндө өзүмдүн пикиримди билдиргем. Аны жаман көрүп эмес, ага жакшылык каалап айткам. Эми бул окуя боюнча аны тигил өлтүрдү, бул өлтүрдү деп айтуудан алысмын. Бул иш боюнча укук коргоо кызматтары иликтеп-тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алар жыйынтыктагандан кийин бул ишке сот чекит коет. Бул маселени саясатка аралаштырып, бийлик күнөөлүү, Кулов күнөөлүү дегенге мен кошулбайм. Анткени аткаруу бийлиги бирөөлөргө жамандык кылууга эч качан барбайт Ошондуктан бир беткей бийликти жамандап, премьер-министрди күнөөлү дегенге негиз да жок.
-деди Турсунбек Акун. Маркум Рысбек Акматбаев да 31-марттагы митингде “мага саясаттын кереги жок”,-деп айтканы бар.
Мага шайлоого катталуунун кереги жок. Мага элдер талап коюп жатышат,. шайлоого катыш деп. Мага кереги жок. Менин депутат болгум да келбейт. Ошол жердеги чөөлөрдүн арасына менин кошулгум да келбейт Мен жөн эле жүргөм, жөн эле жүрө берем. Мага саясаттын кереги да жок,-деген эле маркум Рысбек Акматбаев. Бирок Балыкчы шайлоо округундагы 9-апрелдеги шайлоодо анын шайлоочулары 79 пайыз добуш беришип, Рысбек атаандаштарын утуп чыккан. Ал чоң саясатка аралашууга мүмкүнчүлүк алган. Белгилүү саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Акматбаевге көпчүлүк элдин добуш бериши, мурдагы бийликтин кетирген каталарынын кесепетинен аткаруу бийлигине карапайым калктын ишениминин кеткендигине байланыштуу болгон.
Чын-чынына келгенде маркум Рысбек Акматбаевдин чоң саясатка аралашышы да өзүнчө бир кызык көрүнүштөрдүн бири болуп атат. Анткени прокуратуранын колдоосу менен Биринчи май райондук соту аларды күнөөсү жок деп чечим кабыл алгандан баштап, бул жигит саясатка илингендиги белгилүү боло баштаган. Ошонун негизинде бул жигит шайлоого барган. Аны менен ошол округда талапкерлигин коюшкан Ички иштер кызматында жооптуу кызматтарда иштеген адамдар, парламенттин мурдагы спикери 10 пайызга жетпеген добуш албадыбы. Бул дагы коомчулуктун пикири. Эмне үчүн мындай болду? Себеби мурдагы Акаевдин доорундагы мамлекеттик жетекчилердин жүрүм-туруму, алардын апырткан убадалары элди иренжитип, бийликтин калкка болгон ишенимин жоготкон. Эл тараза бардыгын көрүп,билип турат.
Саясат таануучу белгилегендей, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталбашы, коррупциянын гүлдөп өсүшү, кылмыш чөйрөсүнүн бийликке умтулуусуна себеп болгон.
Рысбек Акматбаев өмүрүнүн акыркы мезгилинде “Лица” гезитине берген маегинде эгерде депутат болуп калса, мамлекеттин мүлкүн ичип жегендерди кустуруп, эки млрд. долларды өндүрүп алууга күчү жетерин билдирген эле. Парламент депутаттарын, министрлерди иштөөгө мажбурлап, алардын жоопкерчилигин териси менен сездиртем деген.
Маалыматтарга караганда Рысбек Акматбаев 1960-жылы 6-июлда Ысыккөл облусуна караштуу Чолпон ата шаарында туулган. Денетарбия институтун бүтүргөн. Артында беш баласы калды. Эки жолу соттолгон. Акыркы төрт жылда укук коргоо органдарынын издөөсүндө жүргөн. 1996-жылы Бишкектеги “Чинсон” ресторанынын жанында Рысбектин өмүрүнө кол салышкан белгисиз адамдар гранатамет менен аткан. Андан тирүү калган. Экинчисинде 2000-жылы Токмок тараптагы айланып өтүүчү автожолдон белгисиз адамдар ага кол салып, жан сакчысы, айдоочусу атылган октон набыт болушкан. Акматбаев бутунан жарадар болуп, жол жээгиндеги камыштарды аралап качып аман калган. Милиция кызматкерлеринин билдиргенине караганда, анын кылмыш чөйрөсүндө душмандары көп болгон. Буга өткөн жылы анын бир тууган иниси Тынычбек Акматбаевди Рысбектин душманы Азиз Батукаевдин жан жөкөрлөрү тарабынан өлтүрүшү далил. Ошондой эле Рысбектин бир нече ишенимдүү жигиттеринин белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлүшү, алардын кейиштүү тагдырлары кылмыш чөйрөсүнүн катаалдыгын айгинелейт, дешет тартип сакчылары.