Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

Баткенде курман болгон аскерлердин элесине арналган акция болот


БИШКЕК. Кыргыз-тажик чек арасында набыт болгон аскерлердин элесине арнап 20- майда “Реформалар үчүн” кыймылы акция өткөрүшөт. Аталган кыймылдын өкүлү парламент депутаты Кубатбек Байболовдун пикиринде, бул кандуу окуя Кыргызстандын күч структураларынын алсыздыгын көрсөттү. Бул акцияда саясатчылар сөз сүйлөп, андан кийин эстрада ырчылары патриоттук духтагы ырларды аткарышат. Эскерте кетели, 12-майда Баткен дубанында белгисиз куралчан топтун колунан Кыргызстандын күч органдарынын алты адамы курман болуп, тогузу жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG