Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Европа Кеңешиндеги төрагалык кечээ күнү алты айга Орусияга өттү


Европа Кеңеши деп аталган адам укуктар уюмунун төрагалыгы кечээ күнү алты айга Орусияга өттү. Страсбург шаарында орус тышкы иштер министри Сергей Лавровко атайын кеңсенин ачкычы берилди. "Биз өз төрагалык кызматыбыздан кыянаттык менен пайдаланбайбыз, биз жоопкерчиликтүү жумуш жүргүзөбүз жана Европа Кеңешинин милдеттеринин алкагында конкреттүү маселелерди чечүүгө аракеттенебиз", - деди Сергей Лавров. Андан тышкары, орус министринин айтымында, Европа Кеңеши Беларус менен дагы сүйлөшүү өткөрүүгө тийиш. Орусия өзү Кеңешке 1996-жылы кошулган жана алгачкы жолу төрагалык кылууда.

XS
SM
MD
LG