Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Баткен согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди


БИШКЕК. “Пирамида” телерадиокомпаниясынын кеңсээсинин жанында “Реформалар үчүн” кыймылы уюштурган Баткен согушунда курман болгондорду жана 12-майда Кадамжай районуна жакын кыргыз-тажик чекарасында набыт болгондордун элесине арналган концерт-реквием өттү. Жыйынга келген Улуттук гвардиянын экс-кол башчысы Абдыгул Чотбаевдин айтымында, 1999-жылдагы Баткен окуясы бийликке сабак болушу керек эле, тилекке каршы аликүнчө күч структураларынын техникалык-материалдык базасы начар. Түштүк аймагында атайын даярдыктагы аскер күчтөрүнүн бөлүктөрүн түзүү колго алынбай келүүдө. Концертте белгилүү эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан жети жыл мурда Баткен окуясында 30дан ашуун жоокер окко учса, ушул жылдын 12-майга караган түнү Тажикистан тараптан өтүп келген белгисиз куралчан топтун колунан, кыргыз тараптан алты адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG