Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

ЖАКЫНКЫ ТӨРТ-БЕШ ЖЫЛ АРАЛЫГЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ООЛАК БОЛОТ


Кыргызстанда күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн деген маалыматтар акыркы убакта массалык маалымат каражаттарында көп айтылып келет. Кыргызстандын сейсмологдору болсо жакынкы 4-5 жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында катуу жер титирөө күтүлбөйт деп билдиришти. Алар мындай маалыматтын тарап кетишин өлкөгө туристтердин агымын кыскартуу максатында жасалып жаткан иш-аракет деп эсептешет.

Кыргызстандын аймагы дүйнөдөгү сейсмикалык жактан кооптуу аймактардын катарына кирет. Адистердин айтымында, ушундай аймактарда жылына бир жарым миңге жакын ар кандай күчтөгү жер силкинүүлөрү болуп турат.

Акыркы убакта айрым массалык маалымат каражаттарында Кыргызстанда катуу жер титирөө болот деген маалыматтын тарап кетиши- кыргыз коомчулугун бир топ тынчсызданууга алып келди. Айгүл аттуу кыздын айтымында, анын туугандары жер титирөө болот деген маалыматты угуп алып кабат үйүн сатып, жер там алган. Ал эми өзүн Азамат деп тааныштырган жигит жер титирөө болооруна ишенип, жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү сатып алуудан баш тарткан.

Жер титирөө болот деген маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жатат? Бул суроо менен Илимдер академиясынын сейсмология институтунун алдын ала маалымат берүү бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Мамыровго кайрылдык. Ал жакынкы 4-5-жыл аралыгында Кыргызстанда жер титирөө болбой турганын айтты.

-Жер титирөө күтүлөт деген маалыматтын коңшу өлкөлөрдүн массалык маалымат каржаттарында тарап кетиши келе жаткан туристтик маалга байланыштуу болуп жатат. Мындай маалыматтан кийин өлкөгө ким келсин. Биздин маалымат боюнча кеминде 4-5 жылга чейин катуу жер титирөө болбойт. 2010-2012–жылы Түштүктө 7-8 бал жер титрөө болушу мүмкүн . Бирок бул алдын ала гана маалымат.

Сейсмологдор ошондой эле жакынкы арада Ысыккөлдө,Талас жана Нарын областтарында сейсмикалык абал тынч болооорун билдиришти. Чүйдө жана Бишкекте да жер титирөөлөр күтүлбөйт, бирок бул эч кандай жер силкинүүлөрү болбойт дегенди түшүндүрбөйт.

Эрнис Мамыровдун айтымында, республикада 2002-жылдан тарта сейсмикалык процесстер активдүү боло баштады. Акыркы мезгилде жер титирөөлөр Кытайдын аймагында болууда. Ал эми Кыргызстан Кытай менен чектеш болгондуктан мындай көрүнүш Кыргызстанга да өз таасирин тийгизет.

Жер титирөөнүн алдын алуу эч кимдин колунан келбейт, бирок жоготуулардын санын азайтууда курлуш объектилеринин сейсмикалык жактан туруктуулугу чоң ролду ойнойт. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үйүн кайра пландаштырып, куруп, биринчи кабаттагы үйлөр дүкөндөргө айланып жатышы сейсмикалык жактан өтө кооптуу дешет адистер. Кыргызстандын курулушту көзөмөлдөө боюнча архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков мындай өзүм билемдик кылган адамдарга административдик чаралар көрүлөөрүн айтты:

Көбүнчө ишкерлер көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатын дүкөнгө айлантып жатышат. Үйлөрүн кайра пландаштыргандар да көбөйдү. Учурда ар кандай курулуш компаниялар куруп жаткан үйлөр 100 пайыз сейсмикалык жактан коопсуз. Ал эми буга чейин курулган тогуз-он эки кабат үйлөрдү текшерүү керек. Эң эле кооптуусу жер басып алгандар эч кандай долбоору жок эле үй куруп жаткандыгында.

Акыркы жүз жыл ичинде Кыргызстандын аймагында миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен, айылдарды жана шаарларды кыйратууга алып келген көптөгөн жер титирөөлөр болду. Кыргызстанда акыркы жылдар ичинде эң ири жер титирөө 1992-жылы Суусамырда болгон.

XS
SM
MD
LG