Бүгүнкү күндө калдайган кыргыз калкынын маданий коомчулугунун түндүгү кара жамынып, кабыргаларын кайыштыра кайгыга батып турган чагы. Үстүбүздөгү жылдын 29-майында 77 жаш курагында узакка созулган катуу оорудан кийин доорубуздун улуу композитору, залкар дирижеру, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор, коомдук ишмер Калый Молдобасанов дүйнөдөн кайтты.
Маркум Калый шайырлардын өзүнчө мекенине айланган Нарындын Акталаасында айтылуу манасчы, комузчу, акын, дастанчы Молдобасан Мусулманкуловдун үй-бүлөсүндө туулган. Ошентип, ал жарык дүйнөгө жарк эте келген күндөн ыр менен оозанып, ыр менен күүнүн бешигине бөлөнүп өскөн. Калый он эки жашынан Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде комузда ойнойт. Бир эле мезгилде М.Күрөңкeев атындагы музыкалык окуу жайында скрипка жана дирижерлоо классында окуйт.
1954-жылы Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы улуттук студиянын дирижерлоо классын профессор Л.Гинзбургдан бүтөөрү менен Кыргыз Улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында ардактуу эс алууга чыкканга чейин дирижер, башкы дирижер, көркөм жетекчи болуп иштеди. Кыргыздын, дүйнөлүк композиторлордун ондогон операларын, балеттерин дирижерлойт. Бир эле мезгилде композитор катары ондогон ырларды, хорлорду, кантаталарды, симфониялык сүрөттөмөлөрдү, бийлерди жазат.
Калыйдын жаркын туубаса шыгы Г.Окунев менен биргелешип жазган “Куйручук”, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясында “Манкурт баяны” аттуу балеттеринде айдан ачык көрүнгөн. 1998-жылдын 19-январында Калый акеге үйүнөн жолугуп, эмне үчүн кыргыздын профессионалдык музыкасында такыр болбогон жазуучу Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде балет-ораторияны жазганын сурагам.
-Өзүң билгендей Ч.Айтматовдун чыгармалары философияга сугарылган. Ошондуктан залкар жазуучунун “Саманчынын жолу” повестинин өзөгүндө “Чолпон”, “Анар”, “Куйручук” балеттериндей эмес башка жанрда берүүнү чечтим. Балетке сөздү, хорду коштум. Ошентип, аны балет-оратория дедим. Бул жаңы жанр жаман жазылган жок. Он беш союздук республиканын ичинен биринчи жолу балет-ораториям СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреатына татыктуу болду. Мен эле эмес Р.Чокоева, У,Сарбагышев татыктуу болушту, - деген эле Калый аке.
Улуу композитор, залкар дирижердун сөөгү үстүбүздөгү жылдын 31-майында Аларча көрүстөнүнө коюлат.