Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Азамат Алтайга «Кыргыз эл баатыры» наамын ыйгаруу сунушталды


БИШКЕК. Мындай демилгени бүгүн Тоңдун Бөкөнбаев айылында өткөн «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайды эскерүү жыйынында кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков көтөрдү. Бул жыйынга саясатчылар, коомдук-маданий ишмерлер, укук коргоочулар журналисттер, маркумдун жердештери жана туугандары болуп, жалпысынан 400дөн ашуун адам катышты. Мындан сырткары Бишкекте Азамат Алтайдын эстелигин тургузуу, кичи мекени Бөкөнбаев айылынын чоң көчөлөрүнүн бирине жана өлкөнүн башка шаарларындагы көчөлөргө да атын ыйгаруу, туулуп-өскөн үйүн үй-музейине айландыруу сунуштары айтылды. Азамат Алтай 23-майда 86 жаш курагында дүйнө салып, сөөгү 27-майда Нью Йоркто жерге берилди.

XS
SM
MD
LG