Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ БАКИЕВДИ БИЙЛИККЕ АЛЫП КЕЛГЕНИ ҮЧҮН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕН КЕЧИРИМ СУРАДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бүгүн кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Анда 24-марттагы ыңкылаптан кийин өлкөнүн, элдин тагдырын ишенип президенттикке Курманбек Бакиевди алып келишкендиги үчүн караламан калктан кечирим сурады. Анын мындай кадамга барышына Курманбек Бакиевдин Аксы окуясына кайдыгер мамилеси, убадага турбагандыгы, экс-президент Аскар Акаевден айырмасы жоктугу себеп болгон. Ал эми президенттин маалымат катчысы болсо Бекназаровдун дооматында негиз жок деген пикирде.

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстан элине кайрылуусунда "президент Курманбек Бакиев элдин ишенимин аткарган жок", деп кесе айтты. Ал 2-июнда Жогорку соттун чечиминен кийин Аксы окуясына карата азыркы бийликтин жасаган мамилесинен улам азыркы бийлик менен кызматташпай тургандыгын билдирди. Бекназаров караламан калкка кайрылуу жолдоп, анда былтыркы ыңкылапта Курманбек Бакиевге ишеним көрсөткөндүгү үчүн кечирим сурады.

"Урматтуу Кыргызстан эли 24-мартта элдик ыңкылап болгондо Курманбек Бакиевди үйүнөн алып келип, ушул мамлекеттин башчылыгына отургузуп, элдин, мекендин тагдырын бергенибиз үчүн мен кечирим сурайм. Биз жаңылган экенбиз".

Азимбек Бекназаров өлкө башчысы Курманбек Бакиевди ыңкылаптын талаптарын аткарбагандыгын, анын айланасында дагы эле Аскар Акаевдин ишенимдүү адамдары отургандыгын, мыйзамдуулукту сактабай жатканын айтып сынга алды.

Анын айтымында үстүбүздөгү жылы 2-июлда Жалалабад облусундагы Кочкор ата шаарчасында жалпы элдик сегизинчи курултайды өткөрүп, жыйында бийликке бир катар катуу талаптар коюлат.

"Сегизинчи жалпы элдик курултайда конкреттүү чечим кабыл алабыз. Күзгө чейин бийлик бир жыйынтык чыгарбаса, мен ойлойм бул бийлик Акаевге окшоп качып кеткенче отурбай, өз ыктыяры менен ээлеген кызматтарынан кетиши керек. Башка жол жок".

Президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов болсо Азимбек Бекназаровдун койгон дооматында негиз жок деген пикирде. Анын айтымында, Бекназаровдун негизги дооматтарынын бири Аксы окуясына байланыштуу маселе. Аны сот чечиши керек.

"Бекназаровдун дооматтары жалпы негизде болуп атат. Эгерде Аксы окуясы боюнча нааразылыгы болсо аны сот аркылуу чечиши керек. Бул жерде бийликтин тиешеси жок да. Жогорку соттун чечими-бул соттун чечими. Ал президент Курманбек Бакиведин чечими эмес да. Ошондуктан Бекназаровдун кандайдыр бир аргументтери болсо сотко кайрылышы керек. Аны сот чечет".

Парламент депутаты Азимбек Бекназаров 24-март ыңкылабынан кийин азыркы бийликке оппозициялык маанайдагы өз көз карашын билдирип келгендигин, бирок бүгүндөн баштап коомчулукка бийликке каршы оппозицияга өткөндүгү тууралуу расмий жарыялаарын билдирди. Ал “Реформа үчүн” кыймылы менен биргелешип бийликке катуу талаптарды коюша тургандыктарын, өлкөнү саясий-экономикалык кризистен чыгаруу аракеттерин көрүшөрүн белгиледи. “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Темир Сариевдин айтымында, Азимбек Бекназаровдун мындай кадамга барышына азыркы бийликтин эл ишениминен кетип баратканы себеп болгон. Ал Бекназаровдун “Реформа үчүн” кыймылы менен биригиши тууралуу жакын арада штаб мүчөлөрү өз көз караштарын билдирише тургандыгын билдирди.

"Штабда алдын ала сүйлөшүүлөр болгон. Бирок бардыгы Бекназаровдун расмий түрдө билдирүүсүнөн кийин каралат дегенбиз. Жакын арада чогулуп, бул боюнча өзүбүздүн көз карашыбызды айтабыз".

XS
SM
MD
LG