Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН ИШТЕРИ БОЮНЧА КООМДУК ПАЛАТА ТҮЗҮЛДҮ


Кыргызстанда маалымат каражаттарынын иштери боюнча коомдук палата түзүлдү. Ал ММКнын кесиптик проблемаларын чечүү боюнча бирдиктүү саясат алып барууга көмөкчү уюм болот.

Коомдук палата медиаөкүлчүлүк институнун демилгеси менен уюштурулду. Анын курамына коомчулуктан, журналисттерден талапкерлер көрсөтүлүп, уюмдун бир топ мүчөлөрү шайланды. Уюмдун курамы күзгө чейин дагы толукталууга тийиш. Коомдук палата маалымат каражаттарынын кесиптик проблемаларын аныктап, аларды чечүү саясатын иштеп чыгуу боюнча өзүнчө бир акылдашып кеңеше турган коомдук бирикме болуп саналат, дейт Кыргызстандын медиаөкүлү Шамарал Майчиев.

Маалымат каражаттарынын баарынын кесиптик проблемаларын чогуу чаран акылдашып бирдиктүү саясат алып бару максаты менен мурдагы бийликтин тушунда да медиакеңеш түзүлгөн. Бирок, ал Президент администрациясынын жогортон түшүргөн буйругу менен түзүлгөндүктөн бийликтин колунда курал болуп калат деп жалпы журналисттер журтунан колдоо тапкан эмес, ошол себептүү иштеген да эмес. Экинчиден, анын ишин кыймылдаткан жумушчу тобу, колунда каражаты жок болчу. Бул жолу Шамарал Майчиевдин айтымында, коомдук палатанын жумушун медиаөкүлчүлүк аткарып бермекчи, экинчиден ал бийликтен көз каранды эмес уюшулган уюм болуп саналат.

XS
SM
MD
LG