Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Куралчан топтүн калдыктарына издөө жарыяланды


БАТКЕН. Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын атайын кызматтары 12-майда чегараны бузуп кирген куралчан топко тиешелүү саналган беш адамга издөө салууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эркин Эсеналиев Азаттыкка маалымдады. Издөөгө алынган шектүү адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү Баткен облусунун аймагындагы калктуу пунктарда таркатылууда. Алардын экөөсү кыргызстандык, экөөсү тажикстандык жана бирөөсү Өзбекстандын атуулу. Баткен ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай ушуну менен шектүү адамдардын тизмеси аягына чыккан жок. Жакынкы суткаларга бул тизмеге дагы эки шектүү адам кошулмакчы.

Сабыр Абдумомунов

XS
SM
MD
LG