Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

“Реформа үчүн” кыймылы курултайга катышат


БИШКЕК. “Реформа үчүн” кыймылы Жалалабат дубанында өтө турган курултайга катышат, деп билдирди бүгүн “Азаттыкка” парламенттин мурдагы спикери Өмүрбек Текебаев. “Реформачылар” курултайды уюштуруучуларынын бири ЖК депутаты Азимбек Бекназаров менен жакынкы күндөрү жолугушуп, курултайдын жүрүшүн, пландарын дагы бир жолу талкуулашат. “Асаба” кайра жаралуу партиясы 2- июлда Жалалабат дубанында революциянын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча курултай өткөрөт. Жогорку сот Аксы окуясы боюнча арызды канааттандыруудан баш тарткандан кийин Азимбек Бекназаров азыркы бийликке каршы чечкиндүү кадамдарга барарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG