Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

«Акаевге отставка, эл үчүн реформа» деген кыймылдын программасынын экинчи баскычы уланат


БИШКЕК. «Асаба» партиясынын Ордо Кеңеши тараткан бүгүнкү билдирүүдө өлкөдө бийлик алмашканы менен өзгөрүү болбой жатканы, реформалар жүрбөй жатканы белгиленген. 2002-жылы түзүлгөн аталган кыймылдын программасынын эл үчүн реформа жасоо жагы эл менен бирге улантылаары, партия бийликтен эл үчүн реформа жүргүзүү, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү жана кадр маселесиндеги баш аламандыктарды токтотууну талап кыла берээри айтылат. Ошондой эле партия төрагасы Азимбек Бекназаровдун ушул жылдын 5-июнундагы билдирүүсүн жана 2-июлда Кочкоратада элдик курултай өткөрүү демилгесин партиянын Ордо Кеңеши толугу менен колдоору маалымдалган.

XS
SM
MD
LG