БИШКЕК. Бул тууралуу адвокат өзү бүгүнкү маалымат жыйынында жар салып, Аскар Акаевдин аны расмий өкүлү катары бекитип, колун койгон күбөлүктү көрсөттү. Акин Токталиев коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнө "Кыргызстандын элинин ар-намысын жана абийирин коргоо» аттуу комитети жана өлкөнүн качып кеткен мурдагы президенти Аскар Акаевдин алгачкы адвокаты катары белгилүү. Буга чейин экс-президенттин кызыкчылыгын коргоп келген орусиялык адвокат Максим Максимович өткөн айдын соңунда Кыргызстандагы ишин токтоткон.
Экс-президент Аскар Акаевдин кызыкчылыктарын Кыргызстанда эми адвокат Акин Токталиев коргойт