БИШКЕК. Ушул күздө Фергана өрөөнүндө эктремисттик куралчан топтор улуттар арасында чатак чыгарганга аракет кылат. Региондогу жакырчылык, жер тартыштыгы жана жумушсуздук бузуку аракеттерге жагымдуу шарт түзүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Феликс Кулов Миграция боюнча эл аралык уюмдун регионалдык өкүлү Мустафа Хасан менен жолугушууда билдирди. Эл аралык уюмдун өкүлү өз кезегинде бул багытта колдон келген жардамын берээрин айтты.