Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

ЭЭРГЕ КЫЙШЫК МИНГЕН ДЕЙБИ?..


1993-жылкы Конституцияны референдумдар аркылуу өзгөртүүлөр мыйзам бузуу менен өткөн. Ошондуктан 1994-жылдан берки Кыргызстандын аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын иштеп атышы мыйзамсыз. «1993-жылкы Конституция» кыймылынын мүчөлөрү сотко мына ушундай доо-арыз менен кайрылып келатышат.

1993-жылы кабыл алынган Кыргызстандын Башмыйзамы төрт ирет элдик референдум аркылуу оңдоп-түзөтүлгөнү элдин баарына дайын. Бирок да «легендарлуу парламентти» таркатып, президент А.Акаевдин жарлыгы менен Конституцияга өзгөртүү, алымча-кошумчалардын референдум аркылуу киргизилиши мыйзамсыз экенин бир жылдан бери «1993-жылкы Конституция» кыймылынын жетекчиси Чоро Сарыпбеков сот аркылуу далилдөө аракетин жасап келатат. Бишкектин Биринчи Май, андан соң Жогорку соту анын доо арызын канаттандыруудан баш тартты.

1993-жылкы Конституция боюнча президент Башмыйзамды өзгөртүү үчүн өзү билип референдум чакырууга акысы жок болчу. Ага карабастан, 1994-жылдын сентябрында «легендарлуу парламент» таркатылып, референдумдун жардамы менен Конституция түп-тамырынан өзгөртүлдү.

Өлкө турмушундагы маанилүү саясий өзгөрүүлөр президент жарлыгына жараша жасалышы мыйзамга кайчы келерин белгилеп, Ч.Сарыпбеков өткөн жылдын 16-июнунда сотко кайрылган. Аны менен эле тим болбой, талаштуу маселеге так жооп беришин өтүнүп Жогорку Кеңеш, Башкы прокуратура, Конституциялык сотко да арыз жолдогон. Кайрылган жердин баары коюлган доо туура эмес деген жооп берүү менен чектелишти.

Чоро Сарыпбеков Конституцияны одоно бузуу менен өткөрүлгөн референдумдардын жыйынтыгынын негизинде иштеп аткан бийлик бутактарынын баары мыйзамсыз дейт.

Анын жактоочусу Александр Типеров 1993-жылкы Конституцияны өзгөрткөн 4 референдумдун баары мыйзамсыз, бул эртеби-кечпи козголчу маселе болчу деген пикирде.

- Кийинки өзгөртүү, алымча-кошумчаларды киргизген референдумдар да мыйзамсыз болгон. 1996-жылкы, 1998-жылкы өзгөртүүлөр ошондой. 2003-жылдын февралында Конституциянын жаңы редакциясын референдум аркылуу кабыл алуу да ошондой эле мыйзамсыз өткөн. Ошондуктан президентти, Жогорку Кеңешти кийинки шайлоолор, анын ичинде Курманбек Бакиевдин шайлоосу да мыйзамсыз. Себеп дегенде, конституциялык өзгөрүүлөрдүн баары мыйзамды одоно бузуу өткөн,- деп айтты Александр Типеров.

Өткөн жылкы сотко кайрылуулардан жыйынтык чыкпаганын көргөн Чоро Сарыпбеков быйыл жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан сотко доо арыз берген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-июнда доо-арызды кароого жүйөө жоктугун ырастаган чечимин чыгарып берди.

Ч.Сарыпбековдун адвокаты А.Типеров сот чечимин алган соң шаардык, андан соң Жогорку сотко бара тургандыгын билдирди.

- Байыркы римдиктер өзүң аралашкан ишке сот боло албайсың дешкен. Сот биздин арызды кабыл албады. Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан кароого албашын биз башында эле байкаганбыз.

Чоро Сарыпбеков сот калыс чечим чыгара алган жок, ошондуктан баштаган ишти таштабай дагы арыздар жазып тийиштүү мекемелерге кайрыла тургандыгын ырастады.

- Ишти үстүртөн эле карап койду. Анткени үстүнөн көрсөтмө болгон, деп ойлойбуз.

«Легендарлуу парламент» таркатылып, А.Акаев жарлыгы менен апыл-тапыл өткөрүлгөн референдум мыйзамсыз экенин көпчүлүк билбегени менен укуктук татаал маселелердин артында эмне катылганды таасын туюнгандар көрүп туруп эле көрмөксөнгө салышканы деле чындык. Бирок да бул чындык арадан 12 жыл өткөндөн кийин калкып чыгарын эч ким ойлобосо деле керек.

XS
SM
MD
LG