Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Куршаб шайлоо округунун Түзбел участкасында парламенттик шайлоону чыр чатак коштоду


ОШ. Шайлоо учурунда талапкерлер Мамат Орозбаев менен Санжарбек Кадыралиевдин тарапкерлеринин ортосундагы тирешүүнүн натыйжасында эртең мененки саат тогуз жарымдан эки жарымга дейре добуш берүү улам-улам үзгүлтүккө учурап турду. Акыры айыл аксакалдарынын кийлигишүүсү менен түштөн кийин гана добуш берүү калыбына келтирилди. Ош облустук шайлоо комиссиясынан аталган участкада телефон байланышы болбогондуктан шайлоонун жүрүшү боюнча азырынча эч кандай маалымат жоктугун билдиришүүдө.

Түзбел участкасында жалпысынан 820 шайлоочу бар. Добуш берүү бүгүн кечки сегизде токтойт. Кайра шайлоо Жогорку соттун бул участкадагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарган чечимине ылайык жүрүп жатат. Куршаб округунда 23-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен БШК өткөн айда Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган. Шайлоодо жеңилип калган анын атаандашы Санжарбек Кадыралиев БШКнын мындай чечимине каршы сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG