Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ЕВРОБИРИМДИК ЭМИ ГАЗДЫ КАСПИЙ ЧӨЛКӨМҮНӨН ЖАНА ИРАНДАН САТЫП АЛАТ


Төрөкул Дооров, Прага Еврокомиссия менен Түркия, Болгария, Румыния, Венгрия жана Австриянын өкүлдөрү Каспийден көгүлтүр газды Евробиримдиктин аймагына ташып келүү үчүн атайын газ куурун жаткырууну колдошту. Быйыл жыл башында Орусия менен Украинанын газ чатагынын айынан орусиялык газды сатып алып турган көпчүлүк европалыктар суукта калышкан эле. Андыктан Евробиримдик мындан ары газды башка жактардан да алууну караштыра баштады. Бирок айрымдар жаңы долбоордун “саясий жүйөөсү бар” дешет, себеп - ошол жаңы куур аркылуу Европага газды Иран да жөнөтүшү мүмкүн.

Евробиримдик энергия жаатындагы саясатына өзгөртүү киргизип, эми чет-өлкөлүк газды импорттоонун жол-жобосун да кайрадан аныктамай болду. Муну алар кубаттуулукту камсыз кылуудагы маанилүү кадам катары баалашууда. Дүйшөмбү күнү Еврокомиссия Биримдиктеги алты өлкөнүн Энергия министрлери менен мындан ары жаратылыш газын Каспий чөлкөмүнөн Европанын борборуна ташып келүү үчүн атайын куурду жаткыруу боюнча бир канча миллиарддык долбоорго кол коюшту.

“Набукко” деп аталуучу долбоорго ылайык, газ куурунун жалпы узундгу 3300 чакырымды түзмөкчү. Анын жардамы менен жылына Каспийден 30 млрд.куб.метр газды Австриядагы терминалга жөнөтүп турушат. Кийин ал жерден газ Европанын башка өлкөлөрүнө таркатыла берет.

Бул долбоор жөнүндө Венада сөз болгондо, Евробиримдиктин Энергия боюнча комиссары Андрис Пиебалгс “Шаркетке кирген баардык өлкөлөрдүн тышкы иштер, каржы, өндүрүш жана энергия министрлери үчүн энергетика коопсуздугун камсыз кылуу эң башкы милдеттерден болуп кала берээрин, ал эми “Набукко” долбоору дал ушул вазыйпаны аткарууга чоң салым кошоорун” айтты.

Пиебалгстын өкүлү Фарран Тарраделлис “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, жаңы газ кууру буга чейинкилери менен бирге энергиянын булактарын колдонууну ийкемдүүрөөк иштеткенге мүмкүнчүлүк берет дейт.

- Биз газды Каспий чөлкөмүнөн, көбүрөөк Азербайжандан, импорттой алабыз. Ал эми транс-Каспий газ кууру ишке киргенден кийин, балким, Казакстандан да алууга жетишебиз. Андан сырткары, Египеттен Түркияга чейинки куур иштегенде, газды Жакынкы Чыгыштан, Иран, Ирак жана Египеттен, ташып келсек болот. Биз газды, ошондой эле, “Көгүлтүр агым” кууру аркылуу Орусиядан да импорттогонго жетишебиз, - дейт Фарран Тарраделлис.

Бирок азыр Иран эларалык жамаат менен өзүнүн өзөктүк программасы үстүндө кыйчылдашып турган чакта, андан газ сатып алуу саясий өтө кычыктуу маселеге айланышы ыктымал. Кошмо Штаттары Бириккен улуттар уюмун Иранга экономикалык санкцияларды жарыялоого чакырды. Навада чын эле Тегеранга каршы санкция киргизилсе, анда Ирандан газ сатып алууга да тыйуу салынышы мүмкүн.

Ошол эле учурда, Евробиримдиктин инвестициялык банкынын өкүлү Дусан Ондрежичка Иран менен кызматташууга мезгил жеткенде, абал деле өзгөрөт деп ишенет.

- Бул “Набукка” деген долбоор дагы 10-15-жылдан кийин гана толук иштей баштайт. Ошондуктан ал мелгизге карата бүгүнкү көптөгөн саясий проблемалар да чечилет деп ишенгендер көп, - дейт Еврошаркеттин инвестициялык банкынын өкүлү Дусан Ондрежичка.

Анын айтымында, “Набукканы” куруу жалпысынан дээрлик 5 млрд.еврого турушу мүмкүн. Ал эми Европа инвестициялык банкы ошонун үчтөн бирин каржылайт. Биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, Ондрежичка долбоорго кетүүчү акчанын көпчүлүк бөлүгүн менчик ишканалар жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкы өзүнө алаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG