Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Иранга коюлган жаңы шартты АКШ дагы бир жолу кайталады


АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс кечээ Брюссель шаарында Иранга мурда коюлган шартты дагы бир жолу кайталады. Вашингтондун айтымында, Батыш тарабынан 1-июнда жасалган сунуштарга Тегеран 5-июлга чейин жооп берүүгө тийиш. Ал күнү Европа Биримдигинде тышкы саясат үчүн жооптуу Хавьер Солана менен Иран өкүлү Али Ларижани жолугуш керек. Батыштын сунуштары боюнча, эгер Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотсо, ага бир катар экономикалык жеңилдиктер берилет.

XS
SM
MD
LG