Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

ИРАКТАГЫ ЖАРЫЛУУДАН 60 ДАН АШУУН АДАМ МҮРТ КЕТТИ


Ирактын баш калаасы - Багдаддагы шийилер жашаган Садр калаасында бир машине жарылып кетти. Жарылуудан 60 дан ашуун адам өлүп, дагы 100 дөй киши жаракат алды. Ирактын Ички иштер министри кабарлагандай, ал машине полиция кызматкерлеринин унаалары жергиликтүү базарды аралап баратканда жарылып кеткен. Анын айтымында, набыт болгондордун көпчүлүгү жөнөкөй тургундар, андан сырткары бир нече полисмен да бар. Бир канча жумадан бери Иракта мындай кандуу чабуул боло элек болчу.

Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG