Израилдин авиациясы Газа секторуна аба соккуларын улантты. Соңку маалыматтар боюнча алардын биринен Палестин автономиясынын ички иштер министрлигинин имараты талкаланып, кеминде төрт адам жаракат алды. Премьер-министр Эхуд Ольмерттин пикиринде, Газа секторундагы операция узак мөөнөткө созулчу согушка айлынышы ыктымал. Ал жөөт өкмөтү палестин козголоңчулары менен сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын дагы бир ирет эскертти.