Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

СОТ РЕФОРМАСЫ: ҮЙ, МАЯНА, КОМПЬЮТЕР


10 жылдан ашуун убактан бери кеп болуп келаткан сот реформасы токтоп, система оор кризиске кабылды. Аны жаңылоо, мыйзамдын так жана өзгөрүүсүз колдонулушун камсыз кылууну кантип камсыз кылуу керек? Кыргызстан сотторунун 5-курултайында мына ушул суроонун тегерегинде сөз болду.

Курултайда соттордун айлык маянасынын аябай эле аздыгы, иштөө шарттарынын начардыгы, кесиптик деңгээлинин төмөндүгү, ошол себептүү үчүнчү бийликтен адилеттикти талап кылуудан мурда ага жетиштүү шарт түзүү зарылдыгы көп айтылды.

Президент К.Бакиев жергиликтүү соттордун айлык маянасы акимдердикинен жогору экенин маалымдап, аны дагы көтөрүү аракетин көрө тургандыгын билдирди. Мамлекет башчынын таңкалуусун жараткан дагы бир маселе соттордун көбү эмдигиче компьютерге жетпей, мурдагыдай эле кол менен кагаз толтуруп жатканы болду.

- Ушунча жылдан бери бийликтин маанилүү бир бутагы компьютерлештирилбегенден кийин, кандай реформа тууралуу сөз кылабыз. Бул маселени биз тез аранын ичинде чечүүгө мен сиздерге жардам берейин, сунушуңарды бергиле. Көп болсо 200 – 300 компьютер болсо керек ,- деди мамлекет башчы.

Сот системасынын материалдык-техникалык керектөөсүнүн 40 пайызы гана канааттандырылып жаткан чакта үчүнчү бийликтен адилеттик менен калыстыкты күтүү кыйын. Курманбек Бакиев сот-укуктук реформа комплекстүү жүрүшү керектигин белгиледи. Жарандардын сотко кайрылуусу, иштин каралышы, дегеле сот жүрүшү коомчулуктун көзөмөлүндө, ачык болушуна жетишүү маанилүү экенине токтолду. Президент сотторго ылайык имараттарды долбоорлоо ишине киришүүгө убакыт жеткенин айтты.

Конституциялык реформага токтолгон мамлекет башчы Конституциялык сотту азыркы калыбында калтырууну колдой тургандыгын, өлүм жазасын алып салуу, сот приставдары институтун киргизүү сунушун билдирди.

Конституциялык реформаны коштой чаап келген сот реформасы аягына чыкпай, сотторду бириктирүү же жаңыларын кошуу тууралуу демилге көтөрүштөн илгери буга чейинки топтолгон тажрыйбаны ыксыз чачпай, «бүтүндү бүлүнтпөө» маанилүү экени жыйында көп белгиленди. Аны Жогорку соттун мурдагы төрагасы, ардагер Зулумбек Жамашев да айтты.

- Реформа деп жүрүп, улам жаңылык киргизебиз деп олтуруп, кыял менен, ой менен баарын ушундай кылса жакшы болот деп бузуп коюшуптур. Азыркы сотторго айтылган сын, бардыгы ошонун негизинен чыгып олтурат. Себеби аларды текшерип турчу надзордук инстанцияны жок кылып коюшкан ,- дейт Зулум Жамашев.

Конституциянын жаңы долбоорунда сот бийлигинин өз алдынчалыгына жетиштүү шарт түзүлгөнүн, бирок да эмнеликтен Жогорку сот төрагасынын эки жылдан кийин жаңыланып турушуна түшүнбөстүгүн төрага Курманбек Осмонов ачыкка чыгарды:

- Соттун төрагасынын же анын орунбасарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 7 жылдан кем эмес каралса.

Юстиция министри Марат Кайыпов соттордун Жогорку Кеңеш аркылуу дайындалышы мыйзамдык негизде тескелиши керек деп айтты.

- Биз эгер Жогорку Кеңеште шайлоо принцибин киргизсек, анда Жогорку Кеңешке так мыйзамдарды жазып киргизишибиз керек. Болбосо сотторго кандай суроолорду бериш керек. Ошол суроолордон бери жазып коюш керек,- дейт Марат Кайыпов.

Калктын 80 пайызы ишенбей келаткан сот бийлигинин кадыр-баркын кантип көтөрүүгө болот. Марат Кайыпов жалаң айлык маянаны көтөрүү маселени чечпейт деп эсептейт. Сот адилеттигине жетишүү, мыйзам тартибин бекем орнотуу жалгыз бийликтин эмес, жалпы коомчулуктун колдоосуна ээ болгон маселе болушу керек. Азырынча андай аракеттин шек-шоораты билине электиги жыйында баса белгиленди.

XS
SM
MD
LG