Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

«АЗЫРКЫ»: КЫРГЫЗСТАНДА КОРЕЯЛЫК АВТОСАЛОН АЧЫЛДЫ


Кыргызстанга ташылып келген чет эл автомашиналарынын 70 пайызы чыгарылганына 7 жыл ашкан эски унаалар. Жаңы машинелер Бишкек базарында дээрлик жок. Мына ушул кенемтени толтуруу амалында Түштүк Кореянын «Хюндай Мотор компаниясы» Бишкекте алгачкы автосалон ачты.

Өткөн жылы кореялык автогиганттын дүйнөлүк автобазардагы иши жүрүшүп, 2,2 миллион автоунаасын сатууга жетишкен. Төрт дөңгөлөк унаанын кыйласы орусиялык кардарлардын колуна тийген. Орусиядагы эң өтүмдүү машине өткөн жылы дал ушул «Хюндай» маркасы болду. Быйыл жыл башынан бери бул жерде 4 миңге жакын автомобиль сатылды.

Концерн биринчилерден болуп Кыргызстанда автодүкөнүн ачты. «Хюндай Кыргызстан борборунун» жетекчиси Генрих Баляндын айтуусунда, ушу тапта канатташ Казакстандын кош калаасында каттап аткан автобустардын 80 пайызынын жакынын «Хюндай» чыгарган.

- Көпчүлүктү кызыктырган «Хюндай» деген сөздүн маанисине токтоло кетейин. Корей тилинде ал «азыркы» дегенди туюнтат. Айта кетиш керек, концерн чыгарган унаалар сырт көрүнүшү, кооздугу, ыңгайы, жаңы технологияны колдонуп чыгарган автомашинелери ушу тапта дүйнөнүн мыкты делген унаалары менен атаандаш болууда,- дейт Генрих Балян.

Жаңы автосалон Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө ачылып, сатыкка концерндин 7 белгилүү моделин чыгарды. Борбор кызматкерлеринин айтуусунда, жаңы автоунаалар Кыргызстан шартында жүрүүгө кыйла ыңгайлаштырылган, 50.000 чакырым жүргөнгө чейин кепилдиги менен сатылат.

Концерндин жаңы долбоорун Бишкектеги «Финансы Кредит» банкы каржылайт. Аталган каржы мекемесинин жетекчиси Эмирбек Жалбаев кардарларга карыз акча берүү милдетин да «Финансы Кредит» банкы өзүнө алганын маалымдады:

- Биздин банк ушул машинени сатып алууга кызыкдар кардарларга кредит берүү боюнча биртоп иштерди жасоого даяр. Мындан тышкары машинени лизинг боюнча алууга да көмөк көрсөтөт.

«Хюндай Мотор компани» концернинин Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча өкүлү Сон Чжан Бон Кыргызстанда башталып аткан долбоор дагы улантыларын маалымдады.

- «Хюндай Кыргызстан борбору» Кыргызстан базарындагы биринчи расмий дистрибютер. Биз «Хюндай» Кыргызстанга биринчи келген концерн, биздин кардарлардын талабына жооп берет, деген ойдобуз.

«Хюндай Кыргызстан борбору» сатууга 17 автомашине койгонун, жаңы машинелердин бажы төлөмүнөн эле бюджетке 1 миллион 800 миң сом салык төлөнгөнүн Генрих Балян билдирди.

Коңшулаш Казакстанда ушу тапта 45 автосалон иштейт. Анда дүйнөнүн белгилүү автоунааларынын дээрлик баарынын жаңы үлгүлөрү коюлган.

Кыргызстанда автоунаа Бишкектеги айтылуу «Азамат» базарынан таралып, республиканын туш тарабына Европа менен Чыгыштан келген эски машинелердин сыноосунан башталат. Жыртылган жолдор, жол эрежесин так сактабаган айдоочулардын айынан кийинки кездери кырсыктар да көп катталууда. Шаар экологиясына чоң зыян алып келип аткан эски автоунаалардын ордун жаңылары басышы керек. Кореялык автоконцерн бул жагынан биринчи кадамды жасоодо. Анын жолоюн башка автоконцерндер да колдоп ийиши ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG