Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

«Алтын казыкчылар» «Зеленстрой» үчүн митинг уюштурабыз, дешет


БИШКЕК. Бишкек шаарынын күн чыгыш тарабында «Зеленстрой» деген ат менен белгилүү болгон аймакты үй куруучулардын карамагына калтыруу талабы менен эртең Бишкек шаар мэриясынын алдына «Алтын казык» коомуна кирген үй куруучулар митинг өткөрөрү күтүлүүдө. «Алтын казыктын» башчысы Рыскулбек Осмондун билдиргенине караганда, «Зеленстрой» аймагы кароосуз калган жана аны өздөштүрүүгө үй куруучулар олуттуу салым кошуп жатышат. Өткөн жылдан бери талашка түшүп келаткан аймакты Бишкек шаар мэриясынын муниципалдык менчиги деп санаган шаар бийлиги бул талапты мыйзамсыз деп эсептеп жатат.

XS
SM
MD
LG