Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

АКЫЙКАТ ИЗДЕГЕН НАРЫНДЫКТАР


Кочкор районундагы Исакеев атындагы айылдын тургундары акыйкат издеп Бишкекке бийлик башчыларына барууга камынып атышат.

Кочкор районуна караштуу Исакеев айылында үч миңден ашуун адам жашайт. Кочкор районунун борбору Кочкор айылынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жерде айыл башчысы жок болгондуктан майда барат маалымат баракчалары же болбосо башка иштер үчүн Кочкор айылына байма-бай каттап турушат. Бул көрүнүштү жоюу үчүн аталган айылдын жашоочулары өз алдынча болуу маселесин алып чыгышты.

- Кочкор айылы чоң айыл өкмөтү. Мында Жаңы жол, Теңдик, Исакеев айылдары бар. Муну бир айыл өкмөтү башкарып келет. Аймагы чоң болуп, жетишпейт. Бардык маселени чечиш үчүн борборго барыш керек. Бала-бакыранын маалымат баракчасын, мал сатсаң ага дагы ошол жакка барабыз. Кыскасы биздин айыл өзүнчө болсо деп талап койгонбуз, дейт Токтосун Макебаев.

4-июлда айыл башчысын шайлашмак, бирок атка минерлердин өзүм билемдигинен айыл башчысын шайлоо чыр-чатакка айланууда.

- 4-июлда көпчүлүк чогулуш менен айыл башчысын дайындоо тууралуу Кочкор айыл өкмөтү Жумакадыров Эркинбектин катышуусу менен жыйналыш болду. Эки талапкер көрсөтүлдү. Кадыркулов Эшим менен Таласов Майрамбек. Бирок, экөөнү колго салып, бирөөнү ушул айыл башчылыгына дайындайлы десек ушул жыйналыштын аягы бүтпөстөн Кочкор айылынын башчысы Эркинбек Жумакадыров элди таштап кетип калды. Биз ошого нааразы болуп, кайрылуу, арыздарды жазып, өзүбүздүн укугубузду коргойлу деп жатабыз. Бир жылга жакын болуп калды айыл башчысы жок жүрөбүз,- деди Карыбек Касымгелдиев.

- Бизге чейин эле элди алдап кол топтогон булар. Жыйналыш болот, андан өкүлдөр шайланат, ал өкүлдөр барып айыл башчысын шайлап берет деген. Биз келип бул документтер туура эмес деп чырдап, чогулушка келгенбиз. Атка минерлерди албетте атка минерлер колдойт экен,- дейт Темирбек Чилдеев.

- Мыйзам чегинде шайлоого алып барбай жатышат. Конкурстук негизде алып барат дейт. Бул жерде жазылып турат мыйзамдуу түрдө жалпы элдин чогулушу менен айыл башчысын шайлайт экен. Убактылуу гана үч айга айыл башчысын өзүм билемдик менен дайындайм дейт. Эгерде мындай көрүнүштөр токтолбосо, Ак үйгө чейин барабыз,- деди Майрамбек Таласов.

Кочкорлуктар ыңкылаптын баштоочуларынын бири болгону менен эч нерсе өзгөргөн жок дешет.
Жашоочулардын айтымында, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Жумакадыров убактылуу үч айга Ишмухамед Кадыркуловду айыл башчылыгына мыйзамсыз дайындаган. Айыл башчысынын дагы бир талапкери Майрамбек Таласовдун жактоочулары буга нааразы. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамдын 46-беренесиндеги “Айыл башчысы айылдын, шаарчанын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы тарабынан тийиштүү аймактын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен дайындалат” деп жазылып тургандыгына таянышууда.

Бир күндүк иш сапарда Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Жумакадыровду таба алган жокпуз. Ал эми нааразы болгон эл район акимине, айыл өкмөтүнө, президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссияга кайрылуу жасашты. Кайрылуудан майнап чыкпаса, Ак үйгө барууга даярданышууда.

XS
SM
MD
LG