Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Кыргыз-өзбек чегара чегарасы боюнча жарым жылдык иш жыйынтыкталды


БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстан чегараларын делимитациялоо боюнча тараптар жарым жылдык аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды. Буга байланышкан өкмөттөр аралык жыйын 3-8-июль аралыгында Ташкенде өтүп, анда 4450 метр чегара сызыгы түшүрүлгөн долбоор бекитилген. Бул маалымат кечээ эксперттик топтун башчысы, өкмөттүн регионалдык проблемалар бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдон алынды. Эки өлкө болжол менен жалпысынан 1043 чакырым чегараны макулдашты. Дагы 252 чакырым чегара сызыгы боюнча тараптар бир пикирге келише элек. Өкмөттөр аралык комиссиянын келерки отуруму эми сентябрь айында болот.

XS
SM
MD
LG