Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

КЫРГЫЗСТАНДАН АМЕРИКАЛЫК ЭКИ ДИПЛОМАТ ЧЫГАРЫЛДЫ


Эки америкалык дипломат Кыргызстандан чыгарылып жиберилгени тууралуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө айтылат. Элчилик алардын Кыргызстандын коопсуздук кызматы тарабынан ак жеринен караланып чыгарылганын билдирген.

- Бул эки расмий өкүлдөр өздөрүнө жарашпаган иш кылды деген айыптоолор чындыкка туура келбейт. Мындай айыптоолор Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын мамилесин бузгусу келгендердин гана кызыкчылыгында жасалып атканы айдан ачык, - деп айтылат АКШнын элчилиги тараткан билдирүүдө.

Элчиликтин маалыматына караганда, америкалык дипломаттар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен орунсуз байланыш күткөн деп айыпталууда. «Бул элчиликти коркутуп үркүтүүгө жана атуулдук коомдун үнүн басууга кылган аракет катары каралыш керек»,- деп белгилейт элчилик.

Америкалык дипломаттардын өлкөдөн чыгарылып жиберилгенинин себептери жөнүндө Кыргызстандын бийлиги үн ката элек. Байкоочулардын баамында, бул окуя Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы мамилени суутуп жибербесе дагы, бир кыйла чыңалууну жаратышы ыктымал.

Сүрөттө : АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Мари Йованович

XS
SM
MD
LG