Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

АКШ элчилигинин кызматкерлери дипломаттык эрежени бузушканбы?


Америкалык эки дипломаттын Кыргызстандан чыгарылышы боюнча Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү таратты. Анда элчиликтин кызматкерлери дипломаттык статуска туура келбеген аракеттерге барып, Кыргызстандын ички ишине кийлигишкенине байланыштуу алардын Кыргызстан аймагынан чыгып кетүүсү сунушталганы белгиленген. Тышкы иштер министрлиги кыргыз-америка мамилесинин эгемендүүлүктүн, теңдиктин жана ички иштерге кийлигишпөөнүн негизинде өнүгүүсүнө Кыргызстан кызыкдар экенин тастыктайт, деп айтылган билдирүүдө. АКШнын элчилиги 11-июлдагы билдирүүсүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин мындай айыптоосу менен макул эместигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG