Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА АТЫШУУЛАР БОЛУП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Прага Кечээ (12-июлда) Ливандагы “Хезбалла” радикал тобу израилдик эки аскерди туткунга алганын жарыялады. Буга жооп иретинде жана туткундагыларды бошотуу үчүн Израил учактары жана танктары Ливандын түштүгүнө кирип барышты. Эки тараптан да жоготуулар бар. Ошол эле учурда Израил Палестинге каршы да аскерий оперпация өткөрүп жатат.

Өткөн түнү Израиль Палестинанын Тышкы иштер министрлигине абадан сокку урду. Андан кеминде 3 адам жаракат алганы, анын жанындагы имараттар да жабыркаганы айтылды.

Израил тарап да “Бул - ХАМАС жетекчилигиндеги министрлик” деп, чын эле министрликтин имаратына сокку урганын тастыктады. Израил, негизи, 25-июнда жөөт аскерин палестиндиктер туткунга алынкандан бери эле Газада аскерий операцияларды өткөрүп келатат. Кечээ ушул атышуулар учурунда кеминде 25 палестиндик набыт болду.

Бирок кечээ Жакынкы Чыгыштагы абал чындап эле курчуп кетти. Алгач палестиндиктер бир жөөт аскерин туткунга алышканда, Тель-Авивден израилдик түрмөлөрдө отурган палестиндиктерди бошотууну талап кылышкан. Шаршембиде (12-июлда) болсо эми Ливандагы “Хезбалла” да эки жөөт аскерин туткунга алганын айтып, ушундай эле талабын билдирди.

- Израил биз менен тикелей сүйлөшүүлөргө барып, өз түрмөлөрүнөн биздин адамдарды чыгарганда гана биз туткундагы эки жөөт аскерин кайтарып беребиз. Эки жөөттү сүйлөшүүлөр жана түрмөлөгүлөрдү бошотуу менен гана кайтарып ала алышат, мунун башка жолу жок, - деди кечээ Бейрутта “Хизбалланын” лидери Хассан Насрулла.

Израилде болсо бу талапты аткаруудан баш тартышты. Кечээ өлкөнүн премьер-министр Эхуд Олмерт израилдик эки аскердин уурдалышын “террордун эмес, суверендүү мамлекет Ливан тарабынан жасалган согуштун актысы” деп атады.

- “Хезбалла” - Ливан өкмөтүнүн бир мүчөсү. Демек, Ливан өкмөтү азыр регионалдык стабилдүүлүктү бузууга далалаттанып жатат. Андыктан мунун айынан эмне болуп кетсе да, анын баарына Ливан өзү жоопкердүү болот, - деди Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт.

Ал эми ырасмий Бейрут “Хезбалланын” аракеттерине жооп бербей турганын, израилдиктерди туткунга алууга ырасмий Ливан өкмөтүнүн эч тийиштиги жок экенин айтты.

Израил, ошентип, кечээ согуш учактары жана танктары менен Ливандын түштүгүнө кирип келди. Ортодо атышуулар болуп жатат. Аларда, соңку маалыматтарга караганда, кеминде 10 адам өлдү.

Америка Кошмо Штаттары болсо израилдиктердин туткунга алынышына Ирандын жана Сириянын да тийиштиги бар деп эсептээрин билдирди. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан эки тарапты тең сынга алып, сабырдуулукка чакырды.

- Мен Израилди Ливанга басып киргени үчүн айыптайм. Ошол эле учурда Ливанга туткундагы израилдиктерди тез бошоткула демекчимин, - деди Улуттар уюмунун баш-катчысы Кофи Аннан.

XS
SM
MD
LG