Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ЦЕМЕНТ МЕНЕН ШИФЕР КЫМБАТ, АРЗАНДАШЫ КҮМӨН


Президент К.Бакиев тийиштүү жетекчилерди чакырып цемент-шифердин баасы асманга чыгып кеткенин айтып, баасын арзандатуу тапшырмасын берди. Маанилүү курулуш материалдарынын баасын төмөндөтүү жөнүндө кыйладан бери эле кеп болуп келатат.

Канттагы цемент-шифер комбинаты азырынча Кыргызстандагы жападан-жалгыз кирешелүү ири ишкана. Көл кылаасындагы Күрмөнтү цемент заводу каржылык кысталыш кырдаалга кабылып, ишкана ээлиги «Кыргызстан» акционердик банкына өтүп кеткен. Кызылкыядагы цемент заводу белгиленген убагында бүтсө, эмдиги жылдын жай айынан тарта продукция чыгара баштамакчы.

Кыргызстанда цементтин баасы кымбаттап кетишинин дагы бир себеби, канатташ Казакстанда мына ушул маанилүү курулуш материалына баанын кымбаттыгы да салакасын тийгизүүдө. Парламенттик каникул алдында депутаттар цемент менен шифердин баасы асманга чыгып кеткенин айтып, өкмөт карапайым калктын камын ойлобой, апачык мыйзам бузуулар менен жеке колго өтүп кеткен Канттагы комбинатты кайтарып алуу зарылдыгын айтып чыгышкан.

Кыргызстандын башкы прокурору Камбаралы Конгантиевдин парламенттик жыйында сот мамлекеттик акциялар жеке колго мыйзам негизинде сатылгандыгын ырастаган жайы бар.

- Жогорку сот чечими менен күчүндө калтырган. Муну менен эмне аныкталат? Жанагы 67,64% акция туура сатылган.

Ошол парламент жыйынында улам-улам кайталанган бир тонна цементтин кошумча нарк салыгын кошо эсептегендеги баасы 1722 сомдон айланып, бирок жер-жерлерге жеткенде эле ал баа 4000 – 5000 сомго чыгып кеткенин президент К.Бакиев да эскертти. Минтип отурса цемент менен шифердин маселеси экономикалык өңүттөн чыгып, саясий өң-түс алып кетерин айтты.

Канттагы цемент-шифер комбинатынын жетекчиси А.Исабеков өкмөт цемент керектөөчүлөрдүн тизмесин түзүп, ага мамлекеттик, социалдык программаларды аткарган курулуш компанияларын, облус керектөөсүн так көрсөтүү керек дейт.

- Калган цементтин кошумча нарк салыгын көбөйтүп, баасын эки жарым миңге көтөрүү керек. Ошондо гана аркыл аткезчилик жолдор менен цементти Казакстанга ташуу токтолот. Ушундай болгондо завод 160 миллион сом салыкты көп төлөйт болчу.

А.Исабеков базар баасы менен сатылчу цементтин эсебинен комбинат жер-жерлерде өкүлчүлүгүн ачып, ара жолдон чыга калган ортомчусуз эле цементтин тоннасын 2,5 миң – 2,800 сомдон сата баштамак дейт. Комбинат жетекчиси үмүт арткан атайын бөлүнгөн жайларды уюштуруу үч-төрт жылдан бери кеп болуп, бирок эмдигиче ишке ашпай келатат.

Кант цемент-шифер комбинатынын 68% жакын акциясын кыргыз өкмөтүнөн экс-президенттин күйөө баласынын атынан казак ишкерлери сатып алышкан. Мамлекеттик акциялардын пакети биртоп мыйзам бузуулар менен жеке колго өткөнүн айтып өкмөт сотко кайрылган. Премьер-министр Ф.Кулов маселе бир жаңсыл чечилгенче өкмөт эч нерсе жасай албайт, себеп дегенде бул жеке ишкана дейт.

- Бул жеке менчик ишкана. Ээси аны күрөөгө коебу, сатып иеби – биз эч нерсе кыла албайбыз.

Монополияга каршы күрөшүү саясаты жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги цемент менен шифердин базар баасын суроо-талап аныктарын айтып, бюджеттин көзүн карап отургандарга цемент менен шифер өздүк наркында сатылып жатканын маалымдоодо. Өкмөт башчысы мамлекеттик акцияларды кайтарып алууну соттон күтүп, монополияга каршы туруу саясатын жүргүзчү агенттик мыйзам талабын аткарып жатканын айтып алакан жайып отурган чакта цементтин баасы асманга чыгып, калктын нааразылыгын жаратууда. Ал арада цементти коңшу Казакстанга ташып, ички базарга кымбат баада сатып ортодон опсуз киреше тапкандардын эле иши жүрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG