Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Бир катар бейөкмөт уюмдар укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Бир катар бейөкмөт уюмдар Коопсуздук кызматына, Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдошту. Алар аталган министрликтерден АКШнын эки дипломатынын Кыргызстандан чыгырылышы тууралуу так маалымат берүүсүн талап кылышкан. Укук коргоо органдарынын АКШнын эки дипломатына мыйзамсыз аракеттерди жасаган делип айып тагып, бейөкмөт уюмдардын ишкердүүлүгү менен байланыштыруусуна негиз жок, деп айтылат кайрылууда.
Апта башында Кыргызстандагы АКШнын эки дипломатына өзүлөрүнө тийиштүү эмес иш менен алектенип, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери менен туура эмес байланыштарга барган делип айып коюлуп, өлкөдөн чыгарылган.

XS
SM
MD
LG