Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

ТААЛАЙБЕК АШИРОВ: МАКСАТЫБЫЗ - КЫРГЫЗ ИНТЕРНЕТ МЕЙКИНДИГИНДЕ ЭНЕ-ТИЛИБИЗДИН ӨНҮГҮШҮНӨ САЛЫМ КОШУУ


Төрөкул Дооров, Прага Азыр дүйнөлүк байланыш түйүнү интернетте – иштеп жаткан кыргызстандык баракча-сайттар көп. Алардын басымдуу бөлүгү маалымат таркатуучу максатты аркалайт. Бирок соңку жылдары атайын жаштарга арналган көңүл ачуучу кыргыз-тилиндеги порталдар да пайда боло баштады. Алардын алгачкысын учурда Түркияда жашаган Таалайбек Аширов жараткан эле. Анын www.kerben.org деген баракчасынын жаралышы тууралуу Аширов "Азаттыктын" кабарчысына айтып берди.

Т.Аширов: Мен Швейцарияда жүргөн кезде алгач ушул өңдүү сайт жаратуу жөнүндө идея пайда болуп калды. Көрсөк, интернетте кыргызстандык көп эле сайттар орус тилде иштешет экен. Ал эми жаштардын ортосунда пикир алмашып, проблемаларын өз тилинде талкуулаган сайттардын аздыгын көрүп, өзүбүздүкүн ачууну туура көрдүк. Ошондон бери дээрлик 2 жылдай убакыт өтүптүр.

“Азаттык”: Эми силер азыр жалаң кыргыз-тилинде иштеп, жаштарга арналган жалгыз сайт го дейм. Демек, ушул жагынан алып караганда, атаандаштарыңар деле жок болсо керек?

Т.Аширов: Биздин сайттын жаралышы, менимче, анын артынан жарала баштаган башка кыргыз тилдүү интернет баракчаларынын пайда болушуна түрткү болду. Азыр бир топ кыргызча сайттар бар, мисалы, www.kyrgyzonline.net, www.kyrgyzweb.com деген, дагы башка бир топ сайттар кыргыз тилинде чыгышат. Бирок алардан айырмаланып, биздин сайтта мүчөлөрү көбүрөөк, активдүүлүк бар.

“Азаттык”: www.kerben.org до азыр азыр канча мүчөсү бар?

Т.Аширов: Биздин мүчөлөрүбүздүн саны 750 адамга жакындап калды.

“Азаттык”: Сайт улам жаңырып турушу үчүн, албетте, өзүнчө чыгармачыл топ иштеши керек. Өз учурунда, аларга да эмгек акы төлөнүшү зарыл. Силердин баракчанын ишин кимдер камсыз кылып турушат жана аларга айлык төлөйсүңөрбү? Финансылык колдоону кайдан алып турасыңар?

Т.Аширов: Чынын айтканда, биз сырттан эч кандай колдоо албайбыз. Азырынча мен өзүмдүн чөнтөгүмдөн бөлүп турган акчанын эсебинен гана сайт жашап турат. Буга чейин арзан компаниялардан эле хостинг алып, иштетип атканбыз. Эми мүчөлөрүбүздүн санынын өсүшү, жаңы функциялардын көбөйүшү менен биз азыр өзүбүзгө жаңы сервер алып, ага которуп жтабыз. Ал эми сайттын ички мазмунун өнүктүрүп туруу үчүн өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген жаш кыздар-балдардан өзүбүздүн “жетекчилик топ” түзүп алганбыз. Алар сайттын идеялык жактан өнүгүшүнө жана техникалык жаңылануусуна жооп беришет. Мунун баары акча үчүн эмес, жалпы бир идеянын үстүндө гана аракеттенүү болуп жатат.

“Азаттык”: kerben.org буга чейин batken.net деп аталып жүрчү. Бирок жакындан тарта жаңы ат менен чыга баштады. Интернет-баракчанын атын өзгөртүүгө эмне себеп болду?

Т.Аширов: Алгач, чын эле сайт баткен.нет деп аталып келген. Бирок ага киргендердин арасында “Ий, бул жалаң эле баткендиктердин сайты экен” деп, чыгып кеткендер болуптур. Ошол эле учурда биздин сайтта мурдатан эле Кыргызстандын башка региондорунан да (Нарын, Ысыккөл облусттарынан) мүчөлөрүбүз бар болчу. Ошондо биз, бир четинен, өзүбүздүн аудиториябыздын географиясын кеңейтүү үчүн, экинчи жагынан, өзүбүздүн мүчөлөрүбүздүн талабын да канааттандыруу максатында анын атын өзгөртүүнү туура көрдүк.

“Азаттык”: Таалай, негизи эле азыр сиздердин сайтыңыздар эмне максатты аркалап иштеп жатат?

Т.Аширов: Биздин башкы максат – кыргыз интернет мейкиндигинде эне-тилибиздин өнүгүшүнө салым кошуу. Азыр байкасаңыз, кыргызстандык сайттардын басымдуу бөлүгү орус-тилинде. Ошондуктан, биз бүгүнкү маалымат технологияларынын доорунда өз тилибизди жоготуп койбош үчүн анын кыргыз жаштары арасында жайылышы үчүн кызмат кылалы деген ниетте аракеттенип жатабыз. Экинчи максат – жаштар арасында кыргыз коомундагы терс көрүнүштөр боюнча кеңири, ачык пикир алмашып, агартуучулук миссияны да аткаруу. Бул үчүн биз атайы форумдарыбызда “Атаке, ичпечи”, же “Кыз ала качуу” деген өңдүү темаларды ачтык.

“Азаттык”: Сиз азыр кыргыз тилдүү жана орус тилдүү кыргыз жаштарынын интернеттеги талкууларына көптөн бери байкоо жүргүзүп келатабыз. Ошол кыргыз тилдүү жаштар талкуулаган маселелер менен орус тилдүү кыргыз жаштарынын талкууларында айырма барбы?

Т.Аширов: Дегинкиси, интернетке чет-өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жаштар, Кыргызстандагыларга караганда, көбүрөөк кирет деп ойлойм. Демек, алар көтөргөн маселелер да, албетте, Кыргызстандагылардыкынан айырмаланып турат. Бирок кыргыз интернет мейкиндигин жалпы карап көргөндө, азыр баардык эле сайттардын форумдарында козголуп жаткан маселе-көйгөйлөр бири-бирине окшош.

“Азаттык”: Чет-мамлекеттерден киргендер көр деп жатасыз. Мисалы, сиздердин сайтка кайсыл мамлекеттерден адамдар көбүрөөк киришет?

Т.Аширов: Кербен.оргко кирген мүчөлөрдүн басымдуу бөлүгү Түркияда жашашат. Андан сырткары, Англия, АКШ, Египет, Чехия, Германия, Жапониядан киргендер бар. Андан сырткары, албетте, Кыргызстандын өзүндө да биздин сайтка баш башып тургандар көп.

“Азаттык”: Сайт жаратуу үчүн белгилүү деңгээлде атайы техникалык билим да болушу керек. Сиз кайдан окудуңуз, негизи эле, өзүңүз жөнүндө айтсаңыз?

Т.Аширов: Мен Кыргызстанда “Ататүрк” эларалык университетинин компьютер-инженердик бөлүмүн бүтүргөм. Түрдүү сайттарды жасоого ошондо эле кызыгуу пайда болгон. Ошентип, кербен.орг пайда болуп калды.

“Азаттык”: Сизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!

XS
SM
MD
LG