Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Президент күч органдарын ыкчам иштөөгө үндөдү


БИШКЕК. Күч органдарынын жетекчилери менен мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусунда шаршембиде өткөн жыйын соңунда президент Курманбек Бакиев кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү, тартипти камсыз кылууга токтоосуз чара көрүү маселесин өкмөткө милдеттендирди. Башкы прокуратурага пенитенциардык системада мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү жана укук коргоо органдары менен бирдикте кылмыштуулукка каршы иш аракеттерди күчөтүү тапшырылды. Ошондой эле прокуратурага Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы, салык инспекциясы, финансы полициясы менен биргелешип кызматтык кылмыш боюнча козголгон кылмыш иштерге көзөмөлдү күчөтүүнү жана аягына чыгарууну, Ички иштер министрлигине мал уурулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG