“Ош жаңырыгы” гезитинин саясий баяндамачысы Абдыраим Мамытов өткөн жылкы март окуяларынан кийин гезиттин баш редактору алмашып, басылма эркин жана коомдогу калыс көз карашты чагылдырууга өткөн эле деген оюн айтуу менен мындай редакциялык саясат гезиттин уюштуруучусу болуп эсептелген бийлик ээлерине жаккан жок деген пикирин билдирди. Анын сөзүнө караганда, бийлик тарабынан калыс ой жүгүрткөн журналисттерге жана баш редактор Абдывахап Мониевге карата кысымчылык мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин саясатын сындаган көз караштар гезит бетине чагылдырылып жаткандыгынан улам болушу мүмкүн:
- Кысым, басым болуп жаткандыктан биринчиден биздин демократия эл аралык стандартка жооп бербейт экен, анын ичинде басма сөз эркиндиги эл аралык стандартка туура келбейт экен деген ойдо калдым. Биздин бийлик Кыргызстандын стандартына ороп-чулгап жатат. Бийликке ар дайым анын оту менен кирип, күлү менен чыккан басма сөз керек окшойт.
Ал эми гезиттин баш редакторунун орун басары Манас Орозбай уулу гезит коомдук калыс пикирди чагылдырууга аракет кылган редакциялык саясатты жүргүзө баштагандан бери эле ага карата тынымсыз финансылык текшерүүлөр сыяктуу кыйыр басым болуп келгенин, учурда бийлик тарабынан гезитти бастырбоо, телефон байланышын өчүртүү жана эмгек жамаатын коркутуп-үркүтүү сыяктуу усулдар колдонула баштагандыгын билдирди:
- Бир жылдын аралыгында беш финансылык текшерүү болду. Мунун ичинде эки жолу прокуратура, үч жолу эсеп палатасынын текшерүүсү болуп өттү. Мындай 4-5 жолку текшерүүнүн далили - жаңы бийлик Абдывахап Мониевди ачыктан ачык куугунтукка алды деп айтууга болот.
Гезиттин айланасында түзүлгөн кырдаал, аталган басылманын журналисттери менен бийликтин ортосундагы мамиле боюнча маалымат алуу үчүн жергиликтүү бийлик башчыларынын бирин дагы жумуш ордуларынан таба алган жокпуз. Ош облустук акимчилигинин маалымат катчысы Алишер Токсонбаев алар тууралуу болгону буларды билдирди:
- Азыр облустун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев чет өлкөдө жүрөт. Анын идеологиялык тармакты жетектеген орун басары Кушбек Тезекбаев дагы сыртта жүрөт. “Ош жаңырыгы” гезитинде болуп жаткан кырдаал боюнча менин эч кандай маалыматым жок экен.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, гезиттин баш редактору Абдывахап Мониевди кызматтан кетирүү тууралуу буйрук даярдалып, бирок белгисиз себептер менен али кол коюлбай турат.