Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

ПРЕЗИДЕНТ БАШ МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРЛОРУНА СУНУШУН БЕРДИ


Президент Курманбек Бакиев Конституциянын долбоорлоруна өзүнүн он пункттан турган сунушун берди. Анда мамлекет башчысы келечектеги негизги мыйзамда Конституциялык сотту, орус тилине расмий макамды, өлүм жазасын, президентке, депутаттарга жана сотторго кол тийбестикти калтырууну сунуштаган. Андан сырткары президент парламенттин 75 депутаттан туруп, анын 25 пайызы бир мандаттуу округдардан шайланышын жактаган. Бул тууралуу «Азаттыкка» жекшембиде долбоорлорду жазуу боюнча жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымына караганда, келерки жума ичинде долбоорлор жазылып бүтүп, президентке тапшырылат.

XS
SM
MD
LG