Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

АКШ ЧӨЛКӨМ КЫЗМАТТАШУУСУНА КЫЗЫКДАР


Он күн бою Бишкекте «Чөлкөм кызматташтыгы – 2006» деген аталышта машыгуу, көнүгүү, окуу-үйрөнүү сабактары өттү. Иш-чарага постсоветтик Борбор Азия, Пакистан, Ооганстандын коргоо күчтөрүнүн жетекчилери катышты.

2004-жылдан бери уюштурулуп келаткан коопсуздук иш-чарасы башында АКШда, андан соң Германияда, мына эми Кыргызстанда өттү. Атайын аскерий кызматтардын жетекчилери он күн бою болушу ыктымал кысталыш кырдаалдарда биргелешип кандай иш-аракеттерди жасоо керектигин талкуулап, пикир алышты, адистердин пикирин угушту.

Кайсы бир караниет күчтөрдүн кытмыр аракетинин натыйжасында болуп кетиши ыктымал табигый, техногендик кырсыктарды алдын-алуу, тийиштүү маалыматтарды топтоо иши Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын борборуна да жүктөлгөн. Өкмөт башчы Феликс Куловдун айтуусунда, өз калкынын коопсуздугун коргоо мамлекеттик органдардын негизги милдети.

- Мамлекеттин өз жарандарын табигый, техногендик кырсыктардан коргоо мүмкүнчүлүгү - анын саясатынын айныксыз натыйжасы, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжасы. Бул бардык мамлекетке тийиштүү,- дейт Ф.Кулов.

Бишкектеги иш-чарага АКШнын Борбордук командачылыгынын колбашчысы Жон Абизейд катышты. Ж.Абизейд мырза Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушуп эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

- Жолугушуу учурунда алар эки өлкө ортосундагы коргоо ведомстуктарынын ортосундагы кызматташтыкты гана өнүктүрбөстөн, мамлекеттер аралык мамиле-катнашты дагы тереңдетүү жөнүндө пикир алышты,- деп кабарлады Кыргызстандын коргоо министринин басма сөз кызматкери Айзаада Эгибаева.

Кыргызстандын коргоо министри менен жолугушуу учурунда Ж.Абизейд бул жердеги АКШнын антитеррордук аскер аба күчтөрүнүн аткарып жаткан милдетин түшүнүү менен кабылдаган кыргыз өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирген.

Азырынча Борбор Азия өлкөлөрү караниет күчтөрдүн кытмыр аракетинен улам пайда болчу табигый, техногендик кырсыктарга биргелешип каршы туруу аракетине өтүшө элек. Бишкекте өткөн атайын аскерий машыгуулар бул жаатта жасалчу алгачкы кадам десе жарашат.

Борбор Азия коопсуздугу маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеевдин ырасташынча, АКШ баштаган чөлкөм коопсуздугу, өзгөчө диний баалуулулуктарга жамынган жанкечтилерге каршы күрөш жалпы аракетти талап кылат.

- Бул кыргыз мамлекетине зыян келтирбейт. Анткени биз каалайбызбы-каалабайбызбы, дүйнөлүк күчтүү мамлекеттердин таасири алакандай Кыргызстанга дайыма тийип турат. Ошону такай эске алып жүрүш керек,- дейт Токтогул Какчекеев.

АКШ менен Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын чөлкөм коопсуздугун сактоо аракетине кошулуп, биргелешкен иш-чараларды өткөрүп жатышы кандайынан келгенде да колдоого аларлык иш, дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

- Бул программалардын бизге пайдасы чоң. Анын үстүнө бул жаатта изилдөөлөр жүргүзгөнгө өзүбүздүн чамабыз жок. Мунун пайдадан башка бизге зыяны жок.

Айтса, Кыргызстанга келатканда Астанада өргүү жасаган Ж.Абизейд журналисттер алдында Кошмо Штаттар бу чөлкөмдө аскерий базаларын жайгаштырууга анчалык куштар эместигин билдирип, АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык дагы тереңдеп, аскер күчтөрүнүн жайгашуусу тескерисинче азая тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG