Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

28-ИЮЛДА ТАРЫХТА ЭМНЕ БОЛГОН?


Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев 1876-жылдын 28-июлунда Үчдөбөгө келген. 1959-жылдын 28-июлунда Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Мин Кыргызстанга визит менен келген.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин Алай чапкыны туурасындагы рапортуна караганда орус отряды 1876-жылдын 28-июлунда Үч дөбөгө келип, жагдайга жараша кыштак орус отряды тарабынан ээленген эмес. Орус отряды Үчдөбөдө өргөөдө турган маалда, Шабдан баатырдын жигити Абдылдабек менен сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаганын кабарлаган. Алынган маалыматка ылайык, Абдылдабек колго түшүүгө макулдугун берип, ал эми анын айланасындагылар орус бийлиги менен согушту улантууну туура көрүшкөн.

1876-жылдын бул күнү Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев флигель-адъютант, полковник Витгенштейнди бир рота аскер жана эки замбирек менен Үчдөбөгө бекинген Абдылдабекке каршы жөнөткөн. Орус аскерлерине Талдык ашуусуна караганда кыйла татаал, бирок жолду кыскарткан Арча дават багыты тандалып алынган.

1928-жылдын 28-июлунда Фрунзе шаардык Кеңеши “Добролет” ыктыярдуу коомуна аэродром куруш үчүн шаардан жер бөлүп берүү чечимин чыгарган.

1959-жылдын 28-июлунда ал кез үчүн сейрек конок-Вьетнам Демократиялык Республикасынын президенти Хо Ши Мин Кыргызстанга визит менен келген. Вьетнам коммунисттеринин лидерине шаардын маданий борбору, асыл тукум алатоо пародасындагы ири мүйүздүү малды жетиштирген Стрельникова атындагы чарба көрсөтүлгөн.

1989-жылдын 28-июлунда көл кылаасында жаңы шаар пайда болду. Мурдагы Рыбачье шаар статусун алып, эми ал Ысыккөл аталып калды. Кыска убакытка ал бириккен Ысыккөл жана Нарын областтарынын борборуна айланып, мында коомдук-маданий мекемелер үчүн жаңы имараттар курула баштаган.

2003-жылдын 28-июлунда Бишкекте “Дүйнөлүк соода уюму жана Кыргыз өкмөтүнө караштуу мекеме аралык комиссия: анын ролу жана милдеттери” деген темада Эл аралык семинар ишин баштады.

28-июлда 1540-жылы англиялык мамлекеттик ишмер Оливер Кромвель жазага тартылып, 1588-жылы сэр Томас Хэрриот Европага картошканы алып келип, 1896-жылы Америкада Флорида шаары негизделип, 1900-жылы Луи Лессинг гамбургер тамагын чыгарып, 1804-жылы философ Людвиг Фейербах жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек

 

XS
SM
MD
LG