Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

КОНГАНТИЕВ БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНЫН ПРОКУРОРЛОРУНА «ЭКИ» КОЙДУ


Бишкекте республикадагы прокуратуранын биринчи жарым жылдыктын ичинде жасаган иштеринин жыйынтыктары талкууланды. Шаардык, областтык жана райондук прокурорлордун отчету коллегиянын мүчөлөрүн канагаттандырган жок. Жыйынга даярданып келбегендиги жана өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгы үчүн баш прокурор Камбараалы Конгантиев Бишкек жана Ош шаарынын прокурорлоруна сөгүш берди

Куршаб шайлоо округу боюнча кылмыштын тергөө иши бир жумадан кийин аяктап, сотко берилет. Бул тууралуу Ош областынын прокурору Анарбек Калматов коллегияда билдирди. Анын айтымында аталган кылмыш иши боюнча 4 адам камакка алынып, бул ишке 19 адам тиешеси бар деп табылган. Өз кезегинде Камбаралы Конгантиев Түзбел чөлкөмү боюнча чатакка тиешеси барлар мыйзам чегинде сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек экенидигин белгиледи.

Негизинен баш прокурор электр энергиясын уурдоо боюнча козголгон кылмыш иштери жана мамлекетке келтирилген зыяндын канчасы кайра кайтарылып берилгендиги боюнча суроолорго басым жасады.
Кабаралы Конгантивдин айтымында, электр энергиясын уурдагандан миллиондогон сом мамлекеттин бюджетинен четте калып жатат.

Нарын областынын прокурору Рустам Исаевдин билдиргенине караганда, учурда область боюнча электр энергиясын колдонууда ички элдин карызы 100 миллион сомдон ашуун. Ал эми электр энергиясын уурдоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде мамлекетке 2 миллионго жакын гана каражат кайтарылган. Баш прокурор мындай жагдайды прокурорлор өз милдеттенмелерин так аткарбай жаткандыгынын кесепети катары баалады:

-Эл электр энергиясын уурдашы үчүн кандай гана куучулукка барбайт. Бул маселе азыркы күндө эң орчундуу маселердин бири болууда. Силерде болсо бул маселе боюнча так маалымат жок. Коллегияга деген даярданып келет, урматтуу прокурорлор, - деди Камбараалы Конгантиев.

Нарын областынын прокурорунун маалыматына ылайык, электр энергиясын уурдоо фактысы боюнча акыркы 6 ай ичинде жоопкерчиликке 19 адам тартылган. Негизинен алар райондук РЭСтердин жетекчилик кызматтарды ээлегендер.

Ал эми жарандардын арыз менен кайрылуусу боюнча Рустам Исаев, быйыл бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк болгонун айтты:

- Биз массалык маалымат каражаттары аркылуу ишеним телефондорду жарыялаганбыз. Эгерде мыйзам бузуу же кандайдыр бир терс көрүнүштөр болсо чалгыла, кайрылыгылда деп. Ошондуктан быйыл 6 ай ичинде жарандардын кайрылуусу бир кыйла көп болду. Биз ошонун барын карап, мыйзам чегинде чечим кабыл алдык,- дейт Рустам Исаев.

Ош областынын прокурору Анарбек Калматов учурда электр энергиясын колдонуу боюнча карыз 127 миллион сомду түзөөөрүн маалымдады. Ал эми козголгон кылмыш иштери боюнча 2 миллион сом мамлекетке кайтарылып берилген. Акыркы алты ай ичинде прокуратурага арыздар менен 1000ден ашуун жаран кайрылган. Алардын 600ү гана канагаттандырылганы белгилүү болду. Мындай статистикалык маалыматтарга баш прокурор алым сынган жок.

Жыйында областарда кылмыштуулуктун абалы, күнөөсүн далилдебей туруп камакка алган прокурорлордун жоопко тартылышы боюнча суроолор берилди. Бирок, прокуроролор коллегиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп бере албай, так маалыматка ээ болбогондуктан баш прокурор Камбараалы Конгантиев прокурорлорго катуу эскертүү жасады:

- Сиздер эмне тойго келдиңерби, силер коллегияга келдиңер. Тогуз айдан бери бири-бирибиз менен “келгиле иштейли” деп арбашып келе жатабыз. Мен силерге так тапшырма бергем. Эгерде силер даяр эмес болсоңор, бул жерге чыкпай эле, ордуңардан даяр эмесмин деп айткыла,-деп ачууланды Камбараалы Конгантиев.

Үч прокурордун отчетун уккан соң баш прокурор калган прокурорлор да жыйынга даярданбай келгенин айтып, алардын отчетун угуунун кажети жок экенин айтты. Жыйындын соңунда прокуратуранын экинчи жарым жылдыкта жасала турган иш аракеттеринин долбоору талкууга алынды.

Мээрим Султангазы, Бишкек

Сүрөттө: Кыргызстандын баш прокурору К. Конгантиев

XS
SM
MD
LG