Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Прокуратура органдарынын жарым жылдык иши канааттандырарлык эмес деп табылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте прокуратура органдарынын 6 айлык ишинин жыйынтыгы каралды. Ага баш прокурор Камбаралы Конгантиев төрагалык кылды. Жыйында башкы көңүл электр энергиясы үчүн карыздарды төлөтүү боюнча прокуратура органдары тарабынан көрүлүп жаткан чараларга бурулду. Маалыматтарга караганда Нарын облусунда учурда электр энергиясы үчүн жеке адамдардын жана ишканалардын карызынын көлөмү 100 млн сомдон ашуун, Ош облусунда 127 млн сомду түзөт. Прокуратура органдарынын жарым жылдык иши жалпысынан канааттандырарлык эмес деп табылды. Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна сөгүш жарыяланды.

XS
SM
MD
LG