Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливандагы соңку окуядан улам өзгөчө кабатырланды, бирок билдирүүдө ок атууну токтотуу чакырыгы айтылбады


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливандагы жагдайды шашылыш талкуулаган соң билдирүү кабыл алды. Бир добуштан кабыл алынган документте карапайым адамдардын өлүмүнө байланыштуу өзгөчө кабатырлануу билдирилген, бирок ок атышууну тезинен токтотуу чакырыгы айтылган эмес. Муну БУУнун башкатчысы Кофи Аннан талап кылып, бирок АКШ каршы болгон эле. Коопсуздук Кеңеши АКШнын Израил аба чабуулун 48 саатка токтотоору жөнүндөгү жарыясын өз билдирүүсүндө эске алган жок. Бул Израил маалыматы өзү ырастабаганынан улам жасалгандай.
Мунун аралыгында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс региондогу дипломатиялык миссиясын кыскартты. Канадагы кандуу окуядан кийин Ливандын премьер- министри Фуад Синиора Кондолиза Райс менен Бейрутта жолугушууну каалабасын, ок атышуу токтомоюнча кандайдыр бир сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG