Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Израил Ливанга аба соккусун 48 саатка токтотууга макул болду


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти билдирди. Мунун алдында жекшембиге караган түнү Түштүк Ливандын Кана деген шаарчасында Израилдин аба соккусунан кеминде 54 адам каза тапкан эле. Алардын көпчүлүгү жаш балдар менен аялдар. Израил аба соккусун ушул окуяны иликтөөгө жол берүү үчүн токтотууга көндү

Канадагы кандуу дүйнө лидерлери айыпташты. Франция, Иордания, Египет, Евробиримдик жана башкалар ок атууну тезинен токтотууга чакырышты. Кошмо Штаттар мындай чакырык жасабады, бирок Израилди Ливандын жөн-жай тургундарына карата этият болууга үндөдү.

Ливандын саламаттыкты сактоо министринин айтымында, ушул күнгө карата өлгөндөрдүн саны 750нүн тегерегинде деп эсептелүүдө. Алардын арасында сөөктөрү урандылардын астында жаткандары да бар. Булардын ичинен 545 кишинин өлүмү ырасталды. Ал эми Израил тараптын жоготуусу 51 адам. Жаңжал Ливанда жайгашкан "Хезболла" уюму 12 –июлда эки жөөт жоокерин туткундап кеткен соң башталган.

XS
SM
MD
LG