Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

ИМАРАТ ТАЛАШТАН ЧЫККАН ЧАТАК ЫРБАП КЕТЕ ЖАЗДАДЫ


Кечээ кечки саат тогуздар чамасында коргоо министринин орун басары Замир Молдошев беш чоң аскердик автоунаа менен куралчан жоокерлерди баштап парламент имаратынын жанына келди. Ага Жогорку Кеңештин жетекчилиги министрликтин байланыш башкармалыгынын кызматкерлерин имаратка киргизбей койушу себеп болгон. Натыйжада эки ортодо талаш күчөп, чатак ырбап кете жаздады.

Коргоо министрлигинин байланыш башкармалыгы Жогорку Кеңештин имаратына тээ союз учурунда, бул имарат өкмөт үйү болуп турган мезгилде жайгашып калган. Парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Алишер Абдымомуновдун айтымында, азыр башкармалыктын бул жерге жайгашуусунун эч кандай мааниси жана зарылдыгы жок болгондугуна байланыштуу аны чыгаруу тууралуу буга дейре президентке, өкмөткө бир канча ирет кат жолдонгон. Экинчиден, бул «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамга да ылайык келбейт:

- Мыйзамда ЖКга тиешеси жок башка уюмдар бул имаратта жайгашуусуна тыюу салынган. Ошонун негизинде биздин жетекчилик имаратты бошотуу маселесин койуп келген. Акыркы жарым жылда катуурак кое баштады. Анткени ал бөлмөлөр бизге да керек болуп жатат. Вице-спикер Кубанычбек Исабеков бир башкармалыктын чыгып кетишине бир жума мөөнөт берген.

Алишер Абдымомунов бул мөөнөт аяктап, башкармалыктын кызматкерлерине имаратка кирүүгө тыйуу салынган соң алар күч менен кирүүгө аракет жасап жатканын кошумчалады.

Ал эми аталган башкармалыктын башчысы, полковник Бакиров бул жерге аскерлер жөн гана машыгууга келгенин айтат:

- Аскерлер жөн гана машыгууга келишти. Бул жерде коргоо министрлигинин байланыш башкармалыгы бар. Биз аскерлерди машыгууга чакырдык.

Коргоо министринин орун басары Замир Молдошев баштаган аскерлер Жогорку Кеңештин түндүк ыптасындагы эшиктин жанына келишкен учурда парламент өкүлдөрү жана имаратты кайтарган милиция кызматкерлери аларды тосушуп, ортодо кайым айтышуу күчөдү.

А. Абдумомунов: - Кеткиле бул жерден! Жолдош генерал-майор, сиз жооп бересиз бул үчүн.

З. Молдошев: - Мен аскерлерге окуу өткөрүп жатам.

А. Абдумомунов: - Аны башка жерде, аскер майданында өткөрүңүз, Жогорку Кеңештин алдында эмес. Силер эскертпей туруп, Жогорку Кеңештин аймагына курал менен келип жатасыңар. Аскерлер, кеткиле бул жерден!..

Көп өтпөй бул жерге ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов, улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орун басары Жаныш Бакиев баштаган адамдар келишип, акыры коргоо министринин орун басарын техникалары менен жоокерлерин алып кетүүгө көндүрүштү. Ошентип эки саатка чукул талаш-тартыштардан соң маселени чечүү кийинки күнгө калтырылды.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG