Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Вице-спикер Коргоо министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылууда


Бишкек. Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков Коргоо министрлигинин тиешелүү кызматкерлеринин кечээ парламенттин алдында орун алган окуяларга байланыштуу жоопко тартылышын талап кылат. Вице-спикер арыз менен Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук кызматына кайрылаарын жана президентке тиешелүү кат жолдоорун бүгүн билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Регламент жөнүндөгү мыйзамына ылайык, парламенттин имаратында башка министрликтердин бөлүмдөрүн жайгаштырууга тыюу салынат. Ошондуктан, ал 1-августтан тарта Коргоо министрлигинин Байланыш башкармалыгынын кызматкерлерин имаратка киргизбөө жөнүндөгү буйрукту чыгарган. Кечээ Коргоо министрлигинин куралданган аскер кызматкерлери парламенттин имаратындагы өз бөлмөлөрүнө күч менен кирүү аракетин көрүшкөн. Ал эми коргоо министри Исмаил Исаковдун билдиргенине караганда, кечээ байланыш башкармалыгынын кызматкерлеринин алдын ала пландаштырган машыгуусу болду.

XS
SM
MD
LG