Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман айымдын пикири боюнча, 2005-жылдын 24-мартынан кийин «Пинара» мейманканасы кыргыз ишкерлери тарабынан басылып алынды. Мейманкана эмдигиче ээсине кайтарылбай, Фехим Енижени жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат, дейт элчи.
- 24-марттан кийин биртоп кишилердин жардамы менен Бишкектеги «Пинара» мейманканасынын басылып алынганын кошумчалай кетейин. Биздин аракет, өтүнүчтөрүбүзгө карабастан, басып алгандар эмдигиче чыгарыла элек.
Түркия элчисинин алдагыдай билдирүүсүнө нааразы болгон «Аккеме» мейманканасынын азыркы ээси Руслан Сарымсаков Кыргызстандын тышкы иштер министринин атына расмий өтүнүч кат жолдогонун айтат.
- Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги сот органдары кабыл алган чечимдер менен кабардар кылышы керек эле деп ойлойм. Кыязы, С.Алпман айым бейкабар калган окшойт. Ал сот чечимдери менен тааныш эмес, ага кызыккан да жок, мени менен кезиге элек. Бул документтерди көрсөтүш үчүн мен бир нече ирет аны менен жолугушка аракет кылдым. Сот чечими менен таанышуу-таанышпоо анын жеке иши, бирок да элчи биздин ишибизге зыян келтирди.
Руслан Сарымсаков мейманкананын мурдагы ээси түркиялык «Систем Мюхендислик» компаниясынын президенти Фехим Енижеге каршы доо арыз менен эларалык сотко кайрыла тургандыгын кабарлады. Ага чейин Кыргызстандагы сот инстанцияларынын баарына кайрылып, эларалык сотко арыз-доо жөнөтүүнүн салттуу жөрөлгөлөрүн жасап чыгарын айтты.
Бишкек шаардык прокуратурасы өткөн жылдын август айында түркиялык ишкер Фехим Енижеге каршы кылмыш ишин козгоп, ага салык менен атайын социалдык төлөмдөр боюнча баш-аягы 15 миллион ашуун сомду казынага төккөн эмес, ошондой эле мейманкананы куруу үчүн түркиялык «Эксимбанктан» алынган 8 миллион доллардын 5 миллионун уурдап алган деп күнөө коюуда. Бишкек шаардык прокуратуранын кылмышты иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Темир Бекмамат уулунун айтуусунда, Кыргызстан Фехим Енижеге Интерпол аркылуу эларалык издөө жарыялоодо.
- Фехим Ениженин үстүнөн кылмыш иши козголуп издөө жарыяланган. Жалгыз эле Фехим Ениже эмес, башка фактылар боюнча да тергөө жүргүзүлүп жатат. Фехим Енижеге коюлчу айып экөө, бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоо, салык жана атайын камсыздоо төлөмдөрүн төлөөдөн качкан деп, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат,- дейт Т.Бекмамат уулу.
Түркиялык 75 миллион доллар кредиттин эсебинен ишке ашчу долбоорлордун арасынан жалгыз мейманкана курулуп, ал да он жылдан бери чатактан башы чыкпай келатат. Өткөн жылы мейманкананы кыргыз-малайзиялык «Аккеме» биргелешкен ишкананын өкүлдөрү колго алышкан. Узак соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында мейманкананын мыйзамдуу ээси деп кыргыз-малайзиялык «Аккеме» биргелешкен ишканасы табылган. Быйыл июль айында кыргыз өкмөтү «аккемечилер» менен мунаса келишимине кол койду. Мейманкана курулушуна жумшалган 10 миллион доллар кредит акчаны «Аккеме» ишканасы эмдиги жылдан тарта 10 жыл бою төлөп берүү милдетин алды.