Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

ЛИВАНДА АЙЫГЫШКАН САЛГЫЛАШУУЛАР ТОКТОБОЙ ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин Ливан боюнча резолюциясынын жаңы долбоорун талкуулоо бүгүн Нью-Йоркто улантылат. Ал арада Ливандагы айыгышкан куралдуу кагылышуулар токтобой улантылууда.

Израилдин авиациясы 8-августта Ливандын түштүгүндөгү Дыббин, Шиххин, Тейр-Харфе, Рас-эль-Айн, Кфар-Киле, Эль-Хиям деген айылдарды жана борбор калаа Бейруттун түштүгүн бомбалады. Бекаа өрөөнүндөгү атактуу Баальбек шаарынын багытында беш чабуул жасалды. Набатия дарыясынын түндүк жээги жана Тир шаарынын айланасы дагы бомбаланды.

Израил өкмөтүнүн айтымында, "Хезболла" уюмунун 15 жоокери жок кылынды жана бир жөөт аскери курман болду. "Ал-Жазира" сыналгысы билдиргенге караганда, Арсал шаарында төрт адам жана Газия айылында 14 киши каза тапты. Израилдин чабуулу - бул айылдын тургундары мурда өлгөн 15 адамдын тажыясын өткөрүп жатканда башталган.

"Хезболла" уюмунун айтымында болсо, анын жоокерлери Израил аскерлери чогулган бир нече жерге ракета атты жана Дибл шаарынын алдында бир жөөт танкы, ал эми Теллет-Хузан жана Айнаты тоолорунун айланасында дагы эки танк жок кылынды. Израил аскерий жетекчилигинин айтымында, бул салгылашууларда үч жөөт аскери курман болду, "Хезболланын" билдиргенине караганда, Холула аймагында дагы үч жөөт аскери өлтүрүлдү.

Бирок аскерлерге караганда, карапайым адамдардын арасындагы чыгашалар көп. Айрым маалыматтарга караганда, Ливан тараптан курман болгондордун саны бир миңден ашты, алардын көпчүлүгү - карапайым адамдар. Израил тараптан жүзгө жакын киши набыт кетти, алардын 60 пайызга жакыны аскерлер.

Эң негизгиси болсо көпүрөлөр, жолдор жана башка инфраструктура жок кылынып жатканында. Түштүк-Африка жумуриятынын тышкы иштер министринин орун басары Азиз Пахад кечээ күнү Нью-Йоркто билдиргенге караганда, израилдик бомбалоолордон Түштүк Ливандын инфрастуктурасынын 85 пайызы жок кылынды жана аны эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес. Бириккен Улуттардын баш катчысынын жардамчысы Стефан Дюжарриктин айтымында, көпүрөлөрдү оңдоо үчүн аларды Израил кайрадан бомбалабай турганы жөнүндө кепилдик керек, бирок андай талапка Тель-Авив азырынча жооп бере элек.

Бириккен Улуттардын резолюциясын кабыл алуу боюнча кеңири аракеттер көрүлүүдө. Кечээ күнү талкууга Араб лигасынын өкүлдөрү келип кошулду. Нью-Йорктогу дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн тышкары, Жакынкы Чыгышка кечээ күнү Алманиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер учуп чыкты: "Бириккен Улуттардын резолюциясы ушул аптада Нью-Йоркто кабыл алынат жана аны менен Жакынкы Чыгыштагы ок атышуу токтотулуш керек. Анын шарты - Израил дагы, Ливан дагы аймакка эл арадык күчтөрдүн жайгаштырылышына макул болууга тийиш", - деди министр сапарга чыгаар алдында Берлинде.

Пакистан президенти Первез Мушарраф Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннанга телефон чалып, Израил аскерлеринин күтүүсүздөн Ливандан чыгарылышына чакырганы тууралуу кечээ күнү кабарланды. Малайзиянын тышкы иштер министри Сайед Хамид Албар кечээ күнү Куала-Лумпур шаарынан - мусулман мамлекеттери "Хезболла" уюмуна курал жеткирип бериш керек деп билдирди. Йорданиянын падышасы Абдалла кечээ күнү "Би-би-си" сыналгысына берген интервьюсунда - азыр дүйнөлүк коомчулук учурдагы бир дагы орчундуу эл аралык маселени толук ченемде чече албай жатканы тууралуу айтты.

XS
SM
MD
LG